Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 5-сентябрына карата республика боюнча жалпы 39 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 40 күжүрмөн эсеп тартылды.
Өрт кырсыктары төмөнкүдөй аймактарда катталган:
-
Бишкек шаары – 10 учур
-
Ош облусу – 7 учур
-
Чүй облусу – 9 учур
-
Баткен облусу – 3 учур
-
Талас облусу – 1 учур
-
Жалал-Абад облусу – 9 учур
Мындан тышкары, куткаруу кызматтары тарабынан 3 жолу ыкчам чыгуу болду.
Маалыматты КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору таратты.