"Эркин-Тоо"
Аба ырайы Жаңылыктар

Өлкөдө ысык аба ырайынан кийин нөшөрлүү жаан жаашы күтүлөт

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 17-майда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын темпиратурасы жогорулап, күн ысык болот.

Аймактарга бөлүп карасак:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21°, күндүзү +35…+40°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20°, күндүзү +33…+38°;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22°, күндүзү +35…+40°;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+14°, күндүзү +27…+29°;

Нарында абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°; күндүзү +25…+27°;

Бишкек шаарында түнкүсүн +19…+21°, күндүзү +37…+39° ысык болот.

Ал эми 18-19-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт.

Кыргызгидромет: «2025-жылдын 18-19-майында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл дубанында 19-24 метрге жетет. Бул күндөрү түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт»,- деп билдирди.