Салык кызматы 2025-жылдын 11 айында тармактар боюнча салыктык түшүүлөр тууралуу маалымат берди.
2025-жылдын 11 айында мамлекеттин казынасын негизинен соода жана тоо-кен тармактары толуктады.
Эң чоң үлүш соода тармагына туура келип, бюджетке 84,6 млрд сом түшкөн. Бул бардык кирешелердин дээрлик үчтөн бир бөлүгү.
Тоолордон кен казган ишканалар 56,7 млрд сом берип, бюджеттин бештен бир бөлүгүн камсыздады.
Курулуш тармагынан 15,5 млрд сом, ал эми банктык жана башка каржылык кызматтардан 12,8 млрд сом түштү.
Мындан тышкары, байланыш тармагынан 6,4 млрд сом, электр энергиясынан 5,1 млрд сом, алкоголдук продукция чыгарган ишканалардан 4,6 млрд сом, билим берүү тармагынан 4,1 млрд сом бюджетке кирди.
Чакан жана орто ишкерлер дагы маанилүү салым кошуп, 23,7 млрд сом төлөштү.
Бул көрсөткүчтөр өлкө экономикасы иштеп, бюджеттин негизги бөлүгү соода, өндүрүш жана ишкерлик аркылуу толукталып жатканын айгинелейт, – деп билдирди салык кызматы.

