2025-жылдын январь–июль айларында Өзбекстан Кыргызстандан 582 тонна күрүч сатып алды. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, жети ай ичинде Өзбекстан жалпы 6,5 миң тонна күрүчтү 2,9 млн долларга импорт кылган. Азык-түлүк 13 мамлекеттен жеткирилген.
Негизги жеткирүүчүлөрдүн катарында Казакстан – 4,3 миң тонна, Индия – 1,1 миң тонна, Кыргызстан – 582 тонна, Пакистан – 186 тонна жана Кытай – 66 тонна бар. Калган 289 тонна күрүч башка өлкөлөрдөн алынган.