"Эркин-Тоо"
Маданият

Өзбекстанда Кыргыз кино күндөрү өтөт

10-июнда Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевдин «Өзбеккино» улуттук агенттигинин директору Фирдавс Абдухаликов менен онлайн жолугушуусу болду. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди. Анда ушул жылдын июль айында Андижанда жолугушуу болуп, департамент менен аталган агенттиктин ортосундагы кызматташууну арттыруу боюнча жол картага кол коюлары тууралуу айтылган. Андан тышкары быйыл Өзбекстанда өтө турган “Кыргыз кино күндөрүн” өткөрүү маселеси каралган.