"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шек саналып кармалды

Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-августта бөлүм башчысы Т.Б.К. кол алдындагы кызматкерине карата адепсиз билдирүүлөрдү жана сүрөттөрдү жөнөтүп, күч колдонуу жолу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлаган деген шек менен кармалган.

Мындан мурда жаран Ж.С.Ж. УКМКга кайрылып, жетекчинин аракетине чара көрүүнү өтүнгөнү белгиленди.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.