Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Өзгөн районунун Большевик айылында селге агып кеткен 8 жаштагы бала каза болуп калды.
Маалыматка ылайык, 8 жашар бала кой кайтарып жүргөн болчу. Ал жолдо келе жаткан маалда, сел алып кеткен. Баланы таап, ооруканага алып келгенде ал көз жумган.
Баланын сөөгү жерге берилди.