Өзгөн райондор аралык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери пара берип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 21-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы дарыгер атайын кызматтын өкүлдөрүнө мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу максатында 100 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган. Бирок кызматкер акчадан баш тарткан.
Арадан көп өтпөй дарыгер пара суммасын 300 миң сомго чейин көбөйтүп, берип жаткан учурда кармалды.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелери боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

