Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Өзгөн шаарында Ормонов Зулпукар атындагы жаңы спорт комплекси пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Ачылыш аземи саат 17:30да башталып, көрүүчүлөргө кыргыз эстрадасынын ырчыларынын катышуусунда концерт тартууланат. Кеченин негизги бөлүгүндө Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын 18-турундагы “Өзгөн” жана “ОшМУ” командаларынын беттеши өтөт. Оюндун башталышы саат 20:30га белгиленген.
Кыргыз футбол биримдиги белгилегендей, бул спорттук жайдын ачылышы аймактагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

