«Өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырып, белгисиз адам кысым көрсөттү», — деген факты боюнча М.Айныкеевадан түшкөн арызды кароонун алкагында, убактылуу эч жерде иштебеген Бишкек шаарынын тургуну «Н.М уулу» аттуу жаран кармалды.
«2021-жылдын 11-октябрынан 12-октябрына караган түнү «Н.М уулу» «Шахрезада» ресторанында мас абалында эс алып жаткандыгын, ал жерде мурунку иштеген жеринен тааныш болгон М.Айныкеева да болгонун айтып түшүндүрдү.
«Н.М. уулу» М.Айныкеева менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын мойнуна алган. «Н.М. уулу» КР УКМКнын кызматкери болгон эмес. Ал кылган ишине өкүнгөнүн айтты», — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Учурда бул факты боюнча материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

