"Эркин-Тоо"
Дүйнө

​АКШ бийликтери ички терроризм менен күрөшүүгө 77 млн доллар бөлдү

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги ички терроризм менен күрөшүүгө грант түрүндө 77 миллион доллар жумшай тургандыгын кечээ аталган мекеменин жетекчиси Алехандро Майоркас маалымдагандыгын Axios порталы маалымады. Министрдин айтымында ички экстремизм өлкөгө олуттуу коркунуч туудурууда. Ошондуктан, өлкө бийлиги коопсуздукту камсыздоо менен бирге, ага каршы күрөштү каржылоону да эстен чыгарбоосу кажет. Министрлик терроризм менен күрөшүүгө жалпысынан 1,8 млрд доллар каражат караган, анын ичинен 77 миллион доллары ички терроризм менен күрөшүүгө жумшалат. Мындай чечим биринчи жолу кабыл алынды деп айтылат порталдын маалыматында.