Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-ноябрында ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген жарандардан арыздарды кабыл алууда.
4-октябрга карата №2 шайлоо округу, Кадамжай району (добуш берүүчү жарандардын саны: 144 380) боюнча төмөнкү талапкерлерден арыз келип түштү:
1. Калпаев Бактыяр Алиевич – 1993-жылдын 9-июлунда туулган. Жогорку Кеңештин депутаты
2. Абсаттаров Азамат Асаттулаевич – 1988-жылдын 16-ноябрында туулган. Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы