Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 26-27-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Министрлик жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды:
✅ Сел коопсуздугунун эрежелерин карманыңыз;
✅ Арыктарды тазалап, жээктерди бекемдеңиз жана таштанды ыргытпаңыз;
✅ Үйүңүздүн жанында жаан суусу өтө турган арык болушун камсыздаңыз;
✅ Үй же сарай куруп, эгин айдоодо кооптуу аймактардан алыс болуңуз;
✅ Сел башталганда дароо коопсуз жайга өтүңүз;
✅ Мүмкүн болсо, үйдөгү жарыкты, сууну жана газды өчүрүп чыгыңыз.