Шайлоого катышуу үчүн 229 адам арыз берди

14-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 229га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Маалыматка караганда, жарандардан арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Ал эми шайлоого катыша турган талапкерлердин үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

14-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 45
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X