Болоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болду

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 187

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Баяке уулу Болоткан мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 187
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X