«Айтматов» тасмасынын режиссёру 250 миң долларлык бриллиант алды
Кыргызстандык режиссёр Каныбек Калматов Москва шаарында өткөн «Бриллиантовая бабочка» II ачык Евразиялык кинопремиясында «Мыкты режиссёр» номинациясын жеңип алды. Ал бул сыйлыкка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө арналган «Айтматов» тасмасы үчүн татыды.
Сыйлык тапшыруу аземинде режиссёрго бриллианттар менен кооздолгон статуэтка жана баасы 250 миң доллар турган асыл таш тапшырылды. Бул тууралуу сыйлыкты уюштуруучулар билдиришти.
Каныбек Калматов азем алдында Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын улуттук байлыгы экенин белгилеген. Анын айтымында, тасмада жазуучунун бала чагынан тартып дүйнөлүк деңгээлде таанылганга чейинки өмүр жолу чагылдырылган.
Быйыл кинопремияга 19 өлкөдөн 41 тасма катышкан.
«Мыкты тасма» номинациясында баш байгени россиялык режиссёрлор Никита Высоцкий менен Илья Лебедев тарткан «Август» тасмасы жеңип алды. Аларга салмагы 10 карат, баасы 1 миллион доллар турган бриллиант тапшырылды.
Ал эми «Мыкты актёр» наамына казакстандык Жасулан Копберген («Рестарт»), «Мыкты актриса» наамына пакистандык Дананир Мубир («Мой Льяри») татыды.
«Мыкты сценарий» сыйлыгы ирандык автор Алиреза Мотамедиге («Дочь леди феи»), «Мыкты оператор» наамы казакстандык Александр Плотниковго («Эвакуация») берилди.
Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн атайынкызыктуу кыска тема сунуштота сыйлык белгилүү актриса Алиса Фрейндлихке тапшырылды.
Белгилей кетсек, «Бриллиантовая бабочка» кинопремиясы Никита Михалковдун демилгеси менен негизделген. Анын максаты Евразия өлкөлөрүнүн кинематографисттерин колдоо, эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү жана улуттук кинолорду жайылтуу.