Президенттин көңүлүн бурган жер маселеси: Үч жетекчи камалды

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 341

Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушуусунда берген тапшырмасынан кийин аймакта жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка караганда, трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин филиалынын жетекчиси, айыл аймактарынын биринин мурдагы башчысы жана Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды.

Тергөө версиясына ылайык, үч кызматкер алдын ала сүйлөшүп алып, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү максатында аймактын чегин мыйзамсыз кеңейтип, башкы планды бекитишкен.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо жана мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды табуу боюнча тергөө амалдары уланууда.

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 341
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X