ИИМ: Президенттен жардам сураган аялдын кыздары апасы менен

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 403

Ички иштер министрлиги президент Садыр Жапаровго балдарын кайтарып алууга жардам сурап кайрылган Аруу Эмилбекованын арызы боюнча текшерүү жүргүзүп, айтылган дооматтар тастыкталбаганын билдирди.

Эске салсак, президент менен болгон жолугушууда Аруу Эмилбекова балдары менен жолуга албай жатканын айтып, аларды өзүнө кайтарып алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Андан кийин укук коргоо органдарына бул жагдайды текшерүү тапшырмасы берилген.

ИИМдин маалыматына ылайык, аялдын мурдагы жолдошу Б. Раматиллаев жубайлардын ажырашуусуна үй-бүлөлүк зомбулук эмес, аялдын уурулук фактысы боюнча жоопко тартылышы себеп болгонун билдирген.

Маалыматка караганда, 2022-жылы Жалал-Абад шаардык соту Аруу Эмилбекованы Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча эки уурулук фактысы менен күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алган.

Мындан тышкары, аял 2026-жылдын октябрь айынын башында Instagram аркылуу мурдагы жолдошу балдарына зомбулук көрсөтүп жатканын билдирген. Бул арыз боюнча да текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын алкагында балдарга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алардын денесинен жаракаттар аныкталган эмес. Ошондой эле балдар атасы, чоң атасы жана чоң энеси тарабынан зомбулук көрбөгөнүн айтышкан.

ИИМ мурдагы күйөөсүнүн К. Ташиев менен туугандык байланышы бар экени тууралуу маалыматты да текшерип, мындай байланыш жок экенин аныктаган.

Министрлик учурда Аруу Эмилбекованын эки кызы тең 7-октябрдан бери апасы менен жашап жатканын билдирди.

Ал эми балдар менен жолугушуу тартибин аныктоо маселеси сот аркылуу чечилери түшүндүрүлүп, аялга мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылуу сунушталган.

Жыйынтыгында, ИИМ президентке айтылган кайрылууда көрсөтүлгөн дооматтар текшерүү учурунда ырасталбаганын маалымдады.

16-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 403
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X