Аскат Алагозов Өмүрбек Суваналиевдин «Кыргызтест» боюнча билдирүүсүнө жооп берди
Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Өмүрбек Суваналиевдин акыркы билдирүүлөрүнө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Алагозовдун айтымында, президент Садыр Жапаров ар кандай саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн жарандар менен да жолугушууларды өткөрүп келет.
Мындай жолугушуулардын биринде «Кыргызтесттен» өтпөй калган талапкерлердин маселеси көтөрүлгөн. Президент мыйзам боюнча тестти кайра тапшырууга, керек болсо он жолу аракет кылууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген. Бирок кимдир бирөөнү тесттен өткөрүү боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес.
«Суваналиевдин билдирүүсү өз билими жана аракети менен тесттен өткөн башка талапкерлердин эмгегине шек келтирбеши керек. Алардын жетишкендигин кимдир бирөөнүн көрсөтмөсүнө байланыштырып, билимин жана аракетин жокко чыгаруу туура эмес», — деп жазган Алагозов.
Ал мисал катары президенттикке талапкерлигин коюуну көздөгөн Дастан Кадыровдун жагдайын келтирген. Анын айтымында, Кадыров алгач тесттен өтпөй, кийин кайра тапшырганын социалдык тармактарда билдирген. Бирок сертификатын белгиленген мөөнөткө чейин ала албай, тиешелүү документтерин тапшырууга жетишкен эмес.
«Эгер кимдир бирөөнү өткөрүү боюнча тапшырма берилген болсо, анда бул жагдайды кантип түшүндүрүүгө болот?» — деген суроону койгон президенттин басма сөз катчысы.
Ошондой эле Аскат Алагозов президент бардык талапкерлер үчүн мыйзам чегинде бирдей шарттардын түзүлүшүн, шайлоонун ачык-айкын жана атаандаштык негизде өтүшүн колдой турганын белгилеген.
Ал шайлоо өнөктүгү башталганын эске салып, алдыда ар кандай саясий билдирүүлөр, бири-бирине карама-каршы пикирлер жана ушак-айыңдар болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.
Алагозов жарандарды шайлоо мезгилиндеги билдирүүлөрдүн артында белгилүү бир саясий кызыкчылыктар болушу мүмкүн экенин эске алууга чакырган.