Жедигер Саалай: Кошой атага даңаза
Жакында эле Кыргыз Республикасынын эл акыны Жедигер Саалай агайдын «Кошой закым» аттуу жаңы роман-эпосу жарык көрүп, Кыргыз улуттук «Манас» театрында бет ачары өттү. Адабиятчылар тарабынан кыргыз адабиятындагы жаңы жанр катары бааланган бул чыгарма кантип жаралды? Бүгүн биз акын менен Чеч-Дөбөдөн башталган эргүү, улуу бабабыздын образы тууралуу маек курдук.
— Агай, жакында эле жарык көргөн «Кошой закым» роман-эпосуңуз менен куттуктайбыз! Бул көлөмдүү чыгарманы жазуу идеясы качан пайда болду эле жана эмне үчүн Кошой бабабыздын образын өзөк кылып алдыңыз?
— Ыракмат! «Кошой закым» роман-эпосу: “Чеч-Дөбөдө олтурам, Чеч-Дөбөдө, Четтен кирип келатат кеч дөбөгө…” деген саптар менен башталат. Чындыгында эле бул чыгарманы жазуу идеясы АтБашыдагы касиеттүү “Чеч-Дөбө” мазарына зыяратка барып, ошол тоонун чокусунда олтурганда пайда болгон. “ЧечДөбөдөн” анча алыс эмес жерде “КошойКоргон” жайгашкан. Бул тарыхый жайдын чалдыбары азыр да сакталып, коргоого алынып, жанында музей салынган. Алтайдан жол чалып чыккан Манас атабызды акылман Кошой бабабыз ушул жерде тосуп алган. Чыйырды энебиз эмчегин эмизип, уулуна түгөйлөш кылган Манастын эң жакын чоросу Кытайдан келген кадимки Алмамбет баатырдын сөөгү ушул “Чеч-Дөбөгө” коюлган. Андыктан бул жер жалпы кыргыз эли ыйык санаган касиеттүү жайлардын бири. «Кошой закымда» “Касиеттүү мазар жай Чеч-Дөбөбүз, Кан чыгарып, зыярат өткөрөбүз. Депутаттык (ты) жөн кой, ажолукка, Аттангандар келгенин көп көрөбүз…” деген саптар бар. Бала кезден Кошой-Коргондун тарыхын угуп чоңойгонум бул роман-эпостун жазылышына албетте таасир этти.
— Чыгармаңызды ыр түрүндөгү «роман-эпос» деп атадыңыз. Адабиятта эпикалык чыгармаларды жазууга багыт алган автордон эмне талап кылынат?
— Ооба, “роман-эпос” деген – бул кыргыз адабиятындагы жаңы жанр деп, китептин Кыргыз улуттук “Манас” театрында өткөн таанытымында академик А.Эркебаев баштаган К.Абакиров, Б.Темирова сыяктуу филология илимдеринин докторлору, профессор-адис адабиятчылар, КР эл акыны М.Мамазаирова, белгилүү адабиятчы, жазуучу П.Дүйшөнбаев белгилеп өтүштү. Албетте, кайсы тармак болбосун жаңылык жаратуу оңой иш эмес. Адегенде мен 2020-жылы жарык көргөн “Манас дух” аттуу китебимдин деми менен “Манас” темасын улай Кошой атабыз тууралуу дастан жазып баштаган элем. Темага сүңгүп кирген сайын кыргыздын эпоско айланган тарыхында Кошой атабыздын эмгеги опол тоодой экени айгинеленип, улам бир кырлары ачыла берди. Кошойго эпикалык каарманга карата колдонулуучу “Эр Кошой”, “хан”, “алп”, “олуя”, “балбан”, “акылман”, “даанышман… Кошой” деп, кандай гана эпитетти колдонсок жараша берет экен. Эң башкысы, Кошой атабыз туулганынан өлгөнгө чейин мекенге, элине жан аябай кызмат кылуунун үлгүсү, күрөшчүл жана жеңүүчү кыргыз уулунун мыкты сапаттарынын эталону экен. Эч качан душмандан жеңилип көргөн эмес. Балбан катары күрөшкө түшсө далысы жерге тийген эмес. Ал тургай 85 жашында дагы “Көкөтөйдүн ашында” калмактын 46 жаштагы дөө балбаны Жолойду көтөрүп чаап, кыргызга намыс алып берген.
Андыктан мен чыгарманын жумушчу атын “Кошой жүрүш” деп койгом. Анан бир жолу бир тойдо белгилүү окумуштууэтнограф, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бѳлүмүнүн башчысы Октябрь Эркинович Капалбаев менен чогуу олтуруп калдым. Ал менин эмне кылып, эменин үстүндө иштеп жатканымды сурап калды. “Кошой жүрүш” жөнүндө айтып берсем, бир азга ойлонуп туруп: — атын өзгөртпөйсүзбү? – деп калды.
– Сен кандай сунуш айтат элең? – десем, саамга ойлонуп:
— “Кошой закым” десеңиз кандай болот? – деди.
– Ойлонуп көрөйүн… – деп жооп бердим.
Салмактап көрсөм ушул аталыш чын эле жарашып калгандай болду. Эпикалык чыгарма, өзгөчө “Манас” темасында жазуу оңой эмес экени айтпасак да түшүнүктүү. Мен буга чейин “Манастын” колго тийген варианттарынын баарын окугам. Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин варианттарын негиз кылып алдым. Ал эми “Кошой” темасында буга чейин Ат-Башынын “Кызыл Туу” айылында жашап өткөн Калкан Керималиев аксакал “Хан Кошой”, белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетов атабыз “Эр Кошой”, “Билерик” деген китептерди, КР эл акыны Шайлообек Дүйшеев агам Кошойдун Жолой менен күрөшү жөнүндө “Эки дөөнүн кармашы” аттуу китептерди жазышкан. Алардын баарын кунт коюп окуп чыктым. Менин китебим алардан эмнеси менен айырмаланарын окурмандар менен адабиятчы адистер өздөрү баалашар.
— Акын-жазуучулар китептерин өз каражатына чыгарып, кайра сатууга чыгарышат. Мамлекеттик китеп саясаты кандай болушу керек деп ойлойсуз?
— Туура. Тилекке каршы азыр акын-жазуучулар китептерин өз каражатына чыгарып, сатуу жагын да кайра өз моюндарына алышат. Эсил кайран совет доорунда жазган китебиңди мамлекет өз басмасынан чыгарып эле тим болбой, кабелтең калем акысын да төлөп берчү. Мен Кошой атабыздын арбагын сыйлап, демөөрчүлүк кылышар деген үмүттө ат-башылык жердештеримдин арасынан чыккан атактуу ишкерлерге да кайрылып көрдүм. Ооз учунан жооп узатып, ийиндерин куушуруп, тим болушту. Мага жардамга “Манас” улуттук академиясы келди. Китебимдин кол жазмасын илимий-редакциялык кеңешинде талкуудан өткөрүп, жактырып, ЖЧК “Мега Формат” басмаканасынан миң нускада бастырып чыгарды. Бул үчүн мен “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызына жана академиянын жалпы жамаатына чексиз ыраазымын.
Бүгүнкү күндө, өлкөбүздүн экономикасы оңолуп, мамлекетибиз туруктуу өнүгүү жолуна түшө баштаган учурда мамлекеттик китеп саясаты да кайра карап чыгууну талап кылат. Акын-жазуучулардын татыктуу чыгармаларын мамлекеттин эсебинен бастырып чыгарып, китепканалар тармагы, ЖОЖдор аркылуу окурман калкына кенен жеткирүүнү мамлекет өз колуна алуусу керек. Ал тургай акын-жазуучуларга татыктуу калем акы төлөп берүүнү да жолго коюу зарыл.
— Бүгүнкү кыргыз адабияты кандай багытта өнүгүп жатат? Аны менен катар адабий сын тууралуу кандай ойдосуз? Чыгарманын ички дүйнөсүн ачкан, кесипкөй сын барбы?
— Албетте азыр адабият таануучулар менен сынчылар чыгармага баа берүүдө, ал эми жазуучулар өз чыгармаларын жаратууда негизги критерий катары тутунган баягы социалисттик реализм методу деген совет доору менен кошо жок болгон. Андыктан Кудай бетин көргөзбө, калем кармагандын баары эле оюна эмне келсе каалаганындай жазып, жарыялап жаткандай туюлат. Күркөлөрдө, китеп дүкөндөрүндө ар кандай басылмалардан башың адашат. Соцтармактардан эмне деген гана чыгармаларды, ырларды окубайсың!
Мына ошонун баарынын самантопонун иргеп, окурмандардын табитин туура тарбиялоого кызмат кылган адабий сын акыркы жылдары ыкшоо тартып эле эмес, такыр эле дымы чыкпай калгандай болду. Бирок өз кесибин урматтап, кыргыз адабиятына ак кызматын өтөп келе жаткан адабиятчы, сынчыларыбыз аз эмес. Мына быйыл биздин мыкты сынчыбыз, академик Абдыганы Эркебаев агайыбыз адатынча эле башкаларга үлгү көргөзүп, эгемен жылдардагы кыргыз адабиятына саресеп салып, “Бар бол, адабият!” деген жакшы тилектеги аталыш менен адегенде “Кыргыз Туусу” гезитине, андан кийин өзүнчө китеп кылып кеңири адабий баяндамасын жарыялады. Осмонакун Ибраимов, Курманбек Абакиров агайларыбыз, белгилүү сынчы Аскар Медетов, Аида Эгембердиева, Болотбек Таштаналиев сыяктуу бир катар авторлор да азыркы кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелерин кеңири талдаган макалаларын жарыялап жүрүшөт.
Ошентсе да бул багыттагы саясатын да кайрадан карап чыгып, адабият таануучулары менен адабий сын жазгандардын катарын көбөйтүү үчүн алардын жазгандарын, китептерин чыгарып берүү менен татыктуу калем акысын төлөп берүү, ар кандай материалдык да, моралдык да кызыктыруу чараларын көрүүнү мамлекет колго алуусу зарыл. Ал эми жаш муунду улуттук адабиятка жана китеп окууга кайтаруу маселеси да чынында замандын чоң көйгөйүнө айланды. Азыркы муун төрөлгөндө эле телефон кармай түшүп, интернеттен башы чыкпай калды. Электрондук китепкана аудиокитеп, видеоролик дегендер китеп окуунун ордун ээлеп алышты. Биздин убактагыдай китептин өзүн колго алып, кайра-кайра тамшана окуп, андагы сюжетте өзүң аралашып жүргөндүй китеп магиясына тартылгандар жылданжылга азайып бара жаткансыйт. Ал тургай акын-жазуучулардын жазгандарын башканы кой, өз балдарың, калемдештериң да карап койбогон учурга келдик. Бул өзүнчө руханий трагедия. Менимче китеп окуу маданиятын кайрадан калыбына келтирүү үчүн китепти даңазалап, ар түрдүү пиар кампанияларды уюштуруп, илгеркидей окурмандар конференцияларын, акын-жазуучу авторлор менен ар кандай аудиторияларда көзмөкөз жолугушууларды өткөрүү сыяктуу ар түрдүү майнаптуу долбоорлор менен иш алып баруу керек деп ойлойм.
— Акыркы жылдары өлкөбүздө маданият тармагына, улуттук өнөр жайларына көңүл бурулуп, жаңы долбоорлор ишке ашууда. Маданият чөйрөсүндөгү азыркы иштерге кандай баа бересиз?
— Ооба, “сокурдун тилегени – эки көз” дегендей, көпкө созулган “өткөөл мезгил” дегенибиз эми аяктап, “туңгуюктан жарык көрүнүп”, өлкөбүздүн иши эми оңолуп келе жатканын баарыбыз көрүп турабыз. Маданият чөйрөсүндөгү эң чоң иш быйыл кезектеги “Көчмөндөр оюнунун” Кыргызстанда жогорку деңгээлде өткөрүлүшү болду. “Той да болор, тойдун эртеси да болор” дегендей, акыркы жылдары маданиятыбызга мамлекеттик казынадан улам көбүрөөк каражат бөлүнө баштаганы кинодо кыргыз сериалдарынын, жаңы фильмдердин жаралып жатышынан, театрларда жаңы спектаклдердин коюлуп жатканынан эле байкалууда.
“Кара кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 китеп” деген долбоор менен жүз кызыктуу китеп басылып чыкты. Мына ушундай жакшы иштерди баштоо менен эми Улуттук жазуучулар союзун, деги эле бардык чыгармачыл союздардын ишин баштагыдай мамлекеттик бюджеттен каржылап, жаратман акынжазуучулардын китептерин басып чыгаруу менен калем акы төлөп берүүнү калыбына келтирүүгө убакыт келди деп ойлойм.
Эми маегибизди “башканы коюп Манасты айт!” дегендей Манас, Кошой аталарыбыздан баштаган соң бир ырымдан үзүндү окуп бүтүрүп койсок дейм.
МАНАС ДҮЙНӨ
Манас дүйнө! Эмне деген керемет!
Адамзаты мындай эпос бере элек!
Болуп туруп кыргыз – Манас урпагы,
Көп кыргызың бул дүйнөгө келе элек!
Манас дүйнө агып турат канымда,
Манас Атам колдоп турат жанымда!
Манас дүйнө – космос дүйнө кайыптан,
Кыргыз элге Кудай берген табылга!
— Рахмат, агай! Бар болуңуз!
Мээрим Бактыбек кызы