Бишкекте бир күндө 6 миң түп дарак отургузулуп, рекорд жаңырды

14-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 93

Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө жашылдандыруу акциясы өтүп, бир күндө 6 миң түп дарак отургузулду. Көчөттөрдүн бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейин жетет.

Борбор калаа мэриясынын маалыматына караганда, иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер жана шаар тургундары катышты.

Жалпысынан 5 миң 263 түп гибрид терек, 700 тал жана 37 алма көчөтү отургузулду. Жаңы көчөттөрдү сугаруу үчүн автоматтык система орнотулуп, келечекте аймак көп жылдык бадалдар жана гүлдөр менен да көрктөндүрүлөт.

Акциянын өзгөчөлүгү — отургузулган көчөттөрдүн баары муниципалдык «Бишкекзеленстрой» ишканасынын өз питомнигинде өстүрүлгөн.

Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, гибрид теректер мындан эки жыл мурда илимий-изилдөө институтунан калемче түрүндө алынып келинген. Андан бери муниципалдык ишкананын адистери аларды толук кандуу көчөткө айландырышкан.

«Бүгүн бир жерге рекорддук сандагы — 6 миң көчөттү отургузуп жатабыз. Өзгөчө белгилеп кетким келет, бул көчөттөрдү өзүбүз өстүрдүк», — деди мэр.

Мэр акциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, борбор калаанын жашыл фондун көбөйтүү иштери улантыларын белгиледи.

Муниципалитеттин планы боюнча, 2026-жылдын аягына чейин Бишкекте отургузулган дарактардын жалпы саны 30 миңге жетет.

14-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 93
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X