"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Өрт чыкканда 101 жана 112ге телефон чалыңыз

Бишкек шаарынын калкынын өсүшү жана турак жайлардын көбөйүшү менен электр энергиясына жана газга болгон талап да жогорулап, өрт коркунучу артты. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырууда.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын бир айынын ичинде Бишкектин Свердлов районунда 136 өрт кырсыгы катталып, алардын кесепетинен 107 миллион 719 миң 361 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Адистердин айтымында, өрттөрдүн көбү жеке үйлөрдө жана батирлерде, электр зымдарын туура эмес колдонуу же жылытуучу мештердин талапка ылайык болбошунан келип чыгат.

ӨКМ өкүлдөрү кышкы мезгилге карата жарандарга жылытуучу мештерди, зымдарды жана газ жабдууларын алдын ала текшерип чыгуу зарылдыгын эскертишүүдө. Мындан тышкары, өрт кырсыгын байкаган учурда 101 же 112 номерлерине телефон чалып, өз ысымыңызды жана дарегиңизди так билдирүү керектиги белгиленди.