"Эркин-Тоо"

ҮРӨНҮҢ МЫКТЫ БОЛСО ТҮШҮМҮҢ МОЛ БОЛОТ

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаевдин маалыматы боюнча быйыл республикалык бюджеттен үрөн чарбаларын жана жана дыйкан-фермерлерди дан эгиндеринин сапаттуу үрөнү менен камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражатка Россия Федерациясынын үрөнчүлүк компанияларынан жалпы 14 335 тонна үрөн сатылып алынды. Анын ичинен 4956 тонна жаздык буудай жана 200 тонна соя үрөнү, 8800 тонна жаздык арпа, 27 тонна люцерна (кара беде) жана 103 тонна буурчак, 95 тонна күнкарама, 153 тонна сафлор үрөндөрү Россиянын бир катар компаниялары менен тү зүлгөн келишимдин негизинде сатып алынып, таркатылууда.

Албетте, дыйканчылыкта мол түшүм көп нерселерге байланыштуу. Ошентсе да “Эмнени эксең, ошону аласың” дегендей сапаттуу үрөнсүз түшүмдүүлүктү көтөрүү мүмкүн эмес. Канча каражат жумшап, эмгек кылып, бирок жакшы түшүм албай калуу дыйкандын мээнетинин текке кеткенине барабар. Андыктан республикабызда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн көтөрүү иши колго алынып жатышы жакшы иш. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү менен жаңылоо жана сортун ал маштыруунун мааниси чоң. Мына ушул максатта мамлекет үрөн чарбаларына жана дыйкандарга колдоо көрсөтүүдө.

Жаңы үрөндөр дыйкандарга кандай баада сатылып жатат?

— буудайдын элита репродукция сы – 45,3 сом/кг;

— буудайдын биринчи репродукц. – 45,02 сом/кг;

— арпанын элита репродукциясы – 53,96 сом/кг;

— арпанын биринчи репродук циясы – 47,1 сом/кг;

— сафлордун биринчи репродук циясы — 112,30 сом/кг;

— күнкараманын элита репродук циясы — 399,56 сом/кг;

— күнкараманын биринчи репро дук. –281,93 сом/кг;

— люцернанын биринчи репро дук. – 632,38 сом/кг;

— буурчактын биринчи репродук. – 61,84 сом/кг;

— соянын биринчи репродукция сы — 90,73 сом/кг.

Дыйкандар үрөн сатып алуу үчүн «Айыл Банк» 4,5 пайыздык чен менен кредит алууга келишим түзө алышат. Мында негизги талаптардын бири катары кардардын насыяны кайтаруу мүмкүнчүлүгү эске алынат.

Үрөн чарбалары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү тарабынан кредиттерди кайтаруу мөөнөтү эки жылга белгиленип, 50 пайызы 2022-жылдын 15-ноябрына, 50 пайызы 2023-жылдын 15-ноябрына чейин төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Учурда республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрү 1600,0 тонна жаздык буудай, 2995,268 тонна жаздык арпа, 25,0 тонна күнкарама, 25,5 тонна люцерна, 152,43 тонна сафлор, 10,03 тонна буурчак үрөндөрүн алышты.

14 335 тонна үрөндүн ичинен 7 миң тонна айыл чарба өсүмдүк төрүнүн үрөнү 2022-жылы жаздык себүүгө жумшалат. Ал эми калган 7334,9 тоннасы Балыкчы элева торунда сакталып, 2023-жылдын жаздык себүүсүнө колдонулат.

Андан сырткары, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынан калган бөлүгүнө Россиянын үрөнчүлүк компанияларынан быйылкы жылдын күзгү себүүсүнө 5000 тонна буудай үрөнү сатып алынып, ушул жылдын июль айында региондогу дыйкан дарга күздүк себүүгө таркатылып берилет.

ЖАМГЫР СУУСУ САКТАЛАТ

Ушул аптада Түп районунун Арал айылындагы «Эрдик» айыл чарба ишканасынын базасында айыл чарба семинары болуп өттү. Анда жакында эле лизингге сатылып алынган жамгырдан суу алып пайдаланчу жаңы заманбап техника жана ачык системадагы насостор көргөзмөгө коюлду. Айыл чарба тармагында жер иштетүүгө керектелчү жаңы техникалык шаймандар семинардын катышуучуларынын кызыгуусун жаратты.

Иш-чарага Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, дыйканчылык менен алектенген жергиликтүү ишкерлер, активисттер жана дыйкандар катышты.

“АКЫЛДУУ КҮНӨСКАНА”

Айыл чарба министринин орун басары А.Мукашев жана жашылчалар боюнча кластердик бирикменин жетекчиси М.Белашаров Ысык-Ата районундагы «акылдуу күнөсканада» болушту. Кластердик бирикменин жаңы катышуучусу болгон “In Water Solutions Agro“ ЖЧКсы жашылча жана кулпунай өстүрөт. Түштүк Кореянын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы технологияларды колдонуу менен “акылдуу күнөскана” 5,3 гектар жерге курулган. Мында бадыраң, помидор, кулпунай ар бири 0,4 га жерге, көчөттөр 0,3 га жерге жана 0,2 га жерге аквапоника күнөсканасы курулган. Аквапоника – балык менен катар эле өсүмдүктү топураксыз сууда өстүргөн жогорку күнөскана технологиясы.

Ошондой эле күнөсканадан тышкары 14 гектарга картошка, 17 гектарга жүгөрү жана 15 гектарга арпа сыноого себилген.

Бул ишканада учурда 80ден ашык адам эмгектенет, Күнөсканада кызыл, сары жана кара түстөгү помидорлор да бар. Уруктар Түштүк Кореядан алынып келинген.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели
Бегим ТУРДАЛИЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!