Эсиңерде болсо, буга чейин өлкөдөгү күйүүчү майга болгон баанын ыксыз учушу боюнча материал жарыялаган элек. Кыргызстандыктарды убайымга салып жаткан бул курч көйгөй аз күн мурун өкмөттө да талкууланганы маалым болду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун мунай менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрүп, анда мунайды ташып келүү, логистика жана резервдин көлөмү талкууланган. Жыйында жеткирүүлөрдүн туруктуулугуна, ички рынокто тартыштыкты алдын алууга жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, бааны аныктоого көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырма берилди.
Ушу тапта өлкөдө күн сайын күйүүчү майдын баасы кымбаттоодо. “Кылт эткен” кыймылдын баары күйүүчү майга байланган мындай шартта мунун кесепети элди барган сайын кыйла убайымга салууда. Өлкөдөгү түзүлгөн мындай кырдаалга жогорку жетекчилик да тынчсызданып, алдыда Россиядан алып келинчү күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатышат. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов улуттук каналга берген маегинде Кыргызстан Россиядан бажы төлөмүсүз алып келинүүчү күйүүчү майдын көлөмүн көбөйтүүгө ниеттенип жатканын жашырган жок. Өзгөчө 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстан дизелди 100 миң тоннага көбөйтүүнү, ошондой эле авиакеросин боюнча квотаны 60 миң тоннага жогорулатууну көздөп жатышканын кабарлады. Ал бул маселеде эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору алдын ала макулдашууга жетишкенин, эми Оруссия өкмөтүнүн макулдугу күтүлүп жатканын шардана кылды. Аныгында Кыргызстан жыл сайын Россиядан 1,2 миллион тонна күйүүчү майды бажы төлөмүсүз алып келет.
Буга чейин өкмөт өлкөдөн мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салган. Акыркы убактагы күйүүчү майга болгон кескин кымбаттоодон улам автоунаа ээлери “эмне үчүн Казакстандан арзан май сатып алганга болбойт?” – деген суроону кабыргасынан коюшууда. Маселен, Кыргызстанда АИ-92 маркасындагы бензиндин чекене баасы орточо 72-74 сом болсо, Казакстанда 40 сом. Бул айырмачылык Казакстанда күйүүчү майга бюджеттик компенсациялардын берилиши менен байланыштуу. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Жээналы Орозбаев Кыргызстан эмне себептен Казакстандын арзан күйүүчү майын сатып албай турганын мындай кеби менен жүйөлөштүрөт: “Казакстанда ички рынок үчүн баа төмөн коюлган. Бирок, экспорттук баасы таптакыр башкача, Россиядан да кымбат. Ошондуктан экономикалык жактан алып караганда, биз үчүн күйүүчү майды Россиядан сатып алуу пайдалуураак”.
Ошентсе да бүгүн жол жээгинде Казакстандан аткезчилик жол менен май алып келип саткандардын аягы тиешелүү кызматтардын атайын рейд уюштурганына карабай тыйылбай келет. Мындай майлардын баасы май куюучу жайлардагы баалардан кыйла арзандыгы менен айырмаланууда. Өкмөт бул маселеге батыл киришип жаткан соң күйүүчү майга болгон баа саясаты жакынкы айларда турукташаарын күтсөк болот.
Калыгул Бейшекеев