Президент Душанбе шаарында КМШ саммитине катышууда

10-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Улут сарайына келди.

Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.

Саламдашуу аземинен соң КМШ мамлекеттеринин лидерлери тар курамдагы жыйын өтө турган залга бет алышты.

10-октябрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X