Ажырашканда мурдагы жубайына батир акысын төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 272

Жогорку Кеңештин депутаттары Турак жай кодексине жана Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, ажырашуу учурунда сот жубайлардын биринин өтүнүчү менен экинчи тарапка мурдагы жубайына өзүнө таандык турак жайда убактылуу жашоого уруксат берүү же башка турак жайды ижарага алуу акысын төлөө милдетин жүктөй алат. Бул милдет сот белгилеген мөөнөткө карата колдонулмакчы.

Депутаттардын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2024-жылы 13,3 миңден ашык, ал эми 2025-жылы 14,2 миңге жакын ажырашуу катталган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери үй-жай көбүнчө эркектин атына катталгандыктан, ажырашкандан кийин жашы жете элек балдары менен калган аялдар турак жайсыз калуу коркунучуна туш болорун белгилешкен.

24-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 272
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X