«Жыл башында тапшырма бергем, азыр деле ошол эле маселе»: Жапаров жетекчилерге нааразы болду

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 376

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы эл менен жолугушууда жыл башында берилген тапшырмалардын аткарылбай жатканына нааразычылыгын билдирди.

Мамлекет башчысы жерге менчик укугун тастыктаган кызыл китеби бар жарандарды убара кылбай, эки тараптуу талаш-тартыштарды жеринен иликтеп, чечүү тапшырмасын бергенин эске салды.

«Мен силерге жыл башында ар бир райондон издеп жүрүп, эки тараптуу чырдашып жаткандардын маселелерин чечкиле деп тапшырма бергем. Демек, эч иштебепсиңер да. Жыл башында кандай маселе болсо, азыр дагы ошол эле маселелер менен кайрылып жатышат», — деп нааразы болду президент.

23-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 376
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X