Нурбек Айдарбек уулу, «2026-жылдын мыкты мугалими»: Балдар мага бакыт тартуулашат
3-октябрда Бишкек шаарында билим берүү тармагындагы мыкты адистерди сыйлоо аземи өткөн. Анда «2026-жылдын мыкты мугалими» наамын №31 жалпы билим берүүчү мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулу жеңип алган. Жылдын мугалими аталган Нурбек агайга Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасынын алкагында «Асман Резиденс» турак жай комплексинен батир жана тиричилик техникасын сатып алууга 500 миң сомдук сертификат тапшырылган. Биз Нурбек агайды жеңиши менен куттуктап, ошону менен катар анын мугалимдик кесиби, окуучулар менен иштөө ыкмалары жана жеңишке жетүү жолу тууралуу баарлаштык.
— Нурбек агай, сыйлыгыңыз кут болсун! «2026-жылдын мыкты мугалими» сынагына катышууга эмне түрткү болду? Негизи эле бул кесипти аркалаганыңызга канча убакыт болду?
— Мугалимдик кесипти аркалап келе жатканыма он жылга жакындады. 2017-жылдан бери Бишкектеги №31 жалпы билим берүүчү мектепте эмгектенип келем. Башталгыч класстын окуучуларына музыкадан сабак берем. Албетте, бардык мугалимдер сыяктуу өз кесибимдин чебери болууну каалайм. Эмгектенип, изденем дегендей. Өз кесибимди сүйүп, окуучулар менен иштөөдө жаңы идеяларды колдонууга аракет кылып келем. Ошондуктан, бул сынакка катышып көрүүнү чечтим. Жеңүүчү болом деп такыр ойлогон эмесмин. Азыр кубанычым койнума батпай турат.

— Жеңүүчү болууга эмгектен сырткары дагы эмне керек экен?
— Кесипти сүйүш керек го дейм. Мен негизинен балдар менен болгон мамилемди чыңдап, ар дайым жаңы, креативдүү ыкмаларды колдонууга аракет кылам. Негизги максатым – окуучулардын музыкага болгон кызыгуусун арттыруу жана музыка аркылуу тарбия берүү. Балдар менен мамилем абдан жакшы. Алар ачык-айрым, оюндагысын жашырбай, сезимдерин эркин билдиришет. Ата-энесине кандай ачык болушса, мага да ошондой мамиле кылышат. Балдар менен түзүлгөн ушундай жылуу атмосфера жан дүйнөмө жагат. Кээде үйгө барганда окуучуларымды сагынган учурлар болот. Алар мага бакыт тартуулашат.
— Сынакта батир утуп аларыңызды билгенде, кандай сезимде болдуңуз?
— Белектерди тапшырып жатканда менден кийинки орундарды ээлеген катышуучуларга унаа берилди. Ошондо биринчи орунду алсам, мага да кымбатыраак унаа берилет го деп ойлогом. Бирок, күтүүсүз жерден батир белек кылынарын укканда аябай кубандым. Анткени, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алууга кезекте турган элем. Ошондуктан, бул белек мен үчүн өзгөчө мааниге ээ болду.
— Бала кезиңизде ким болууну кыялданчусуз?
— Ырчы, мугалим же журналист болсом деп кыялданчумун. Кудайым маңдайыма мугалимдик кесипти жазыптыр. Кудайга шүгүр, ушул кесипти аркалап, анын үзүрүн көрүп жатам.
— Музыка сабагын балдарга кызыктуу өткөрүү үчүн кандай ыкмаларды колдоносуз?
— Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу мугалимдик чеберчиликтин эң бийик көрсөткүчтөрүнүн бири. Жөн гана маалымат айтып берүү азыркы заманбап мугалимдин милдетин толук аткарбайт деп ойлойм. Бүгүнкү мугалим балдарга багыт берип, алардын топ менен иштөөсүнө, бири-бирин угуп түшүнүүсүнө, өз оюн эркин билдирүүсүнө жана кеңешип, бир жыйынтыкка келүүсүнө шарт түзүшү керек. Ошондуктан, ар бир сабагымда ар кандай ыкмаларды колдоном. Визуалдык материалдарды, интерактивдүү платформаларды жана окуучулардын кызыгуусун арттыруучу башка каражаттарды пайдаланам. Балдар үчүн сабак кызыктуу өтүп, алар алган билимдерин турмушта колдоно билүүсү маанилүү.
— Учурда өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жүрүп жатат. Бул өзгөрүү тууралуу кандай ойдосуз?
— 12 жылдык билим берүү системасы окуучулардын алган билимин жашоодо кеңири колдоно билүүсүнө багытталган деп ойлойм. Жалпысынан айтканда, балдарды жашоого даярдоо маанилүү. Алар өз алдынча ой жүгүртүп, чечим кабыл алып, башкалар менен кызматташууга үйрөнүшү керек. Ошондуктан, мугалимдер да заман талабына жараша иштеп, жаңы ыкмаларды өздөштүрүп турушу зарыл. Мугалим беш жылдык билими менен эле чектелип калбашы керек. Технология күн сайын өнүгүп, билим берүү тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Ошондуктан, биз да окуп, изденип, өзүбүздү өнүктүрүп турушубуз зарыл. Сабактарга даярданабыз, жаңы ыкмаларды үйрөнөбүз. Мындан тышкары, квалификацияны жогорулатуу курстарына катышып турам. Мурда мындай курстардан эки-үч жылда бир өтсөк, азыр жыл сайын билимди жаңылоого мүмкүнчүлүк бар. Менимче, жакшы мугалим болуу үчүн өзүң да тынымсыз үйрөнүп турушуң керек.
Жазгул Кенжетаева