Кубакыдагы чыныгы кырдаал качан көзөмөлгө алынат?

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 233

Бишкек–Торугарт автожолундагы Ж.Убышев атындагы Кубакы ашуусунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө туруктуу же толук түрдө тыюу салынган эмес, а бирок, бул ашуу аркылуу жүк ташууда айрым убактылуу жана мезгилдүү чектөөлөр колдонулуп тураары баарыбызга маалым.

Аныгында аба ырайына байланыштуу убактылуу чектөөлөр өзгөчө күз-кыш айларында же нөшөрлүү жаан-чачын катуу болгон учурларда (калың кар жаап, көк тайгак болгондо) жол кырсыктарын алдын алуу жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Транспорт министрлиги менен ЖКККББ тарабынан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилип турат. Жол тазаланып, аба ырайы турукташкандан кийин кыймылга кайрадан уруксат берилет. Ал эми өлкө аймагы боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун, анын ичинде Кубакы ашуусу жайгашкан Бишкек–Нарын–Торугарт багытын сактоо максатында, жай айларында күндүз абанын температурасы +28°C жана андан жогору болгон учурда салмагы 18 тоннадан ашкан унаалардын жүрүүсүнө күндүзгү убакытта (саат 10.00дөн 20.00гө чейин) чектөө коюлат.

Ал эми ашуудагы салмак көзөмөлү оор жүк ташуучу унаалар үчүн белгиленген максималдуу салмактын нормаларын сактоодо талап кылынат. Мында чектен ашыкча жүк жүктөгөн унааларга айып пул салынат же жүгүн азайтканга чейин өтүүгө тыюу салынат. Сапарга чыгаардан мурун Кубакы ашуусундагы учурдагы абал жана чектөөлөр тууралуу так маалыматты жол транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий билдирүүлөрүнөн текшерип алуу сунушталат. Бул албетте, маселенин расмий жагы. Ал эми аталган кан жолдогу чыныгы абалдын бей расмий жагы барган сайын кооптуу чекке жетүүдө.

Ушул күндөрү дал ушул ашуу аркылуу Кытайдан унаа жүктөп келаткан ондогон, жүздөгөн оор жүк ташуучу унаалар байма-бай өтүүдө. Ар бир оор жүк ташуучу унаага ондогон автолор жүктөлүп, Кудайдын куттуу күнү Кубакы ашуусу аркылуу Бишкек, Чүйдүн аймагына кирүүдө. Ал эми көмүр ташыган же картошка, темир, мал жүктөгөн оор салмактагы унаалар Кубакы ашуусу менен күндүр-түндүр каттаганга көнүп деле калышкан. Учурда ашуу аркылуу Кытай менен өлкө ичиндеги оор жүк ташыган унаалардын саны барган сайын болуп көрбөгөндөй эсепке жетип (түндүк-түштүк альтернативдүү жолу ачылганы агым аябай көбөйгөн), айрым учурларда Кубакыда образдуу салыштырганда Бишкектегидей тыгын пайда болгонуна күбө болуудабыз. Мындай көрүнүштүн арты менен стратегиялык жолдун абалы айтпаса да начарлап, канчалаган жол кырсыктары катталып, адам өмүрлөрү кыйылып жаткан фактылар катталууда.

Кызыгы, жол транспорт министрлиги баштаган тиешелүү тармактар бул көйгөй менен олуттуу деле баш ооруткулары келишпегени таң калтырууда. Жакында 1-октябрдан тарта Кубакы менен оор жүк ташуучу унаалар мындан ары каттабай, каттам Балыкчы аркылуу жүрөөрү айтыла калып жаткан. Белгиленген мөөнөттөн бир аптага жакын убакыт өткөнү менен азырынча ал кабарлар “жел маалымат” болгону, Кубакыдан оор жүк ташуучу унаалар кадимки ыргакта каттап жатышканына жеринде күбө болдук. Мындай ыраатсыздыкка чекит коюлушу үчүн сөзсүз түрдө “бармак тиштегендей” жагдай жаралышы керекпи? Маселенин бей расмий, көшөгө артындагы көрүнүштөрүн алдыда иликтөөгө тиешелүү мамлекеттик мекемелер киришет деген үмүттөбүз.

Калыгул Бейшекеев

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 233
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X