Бегалы Наргозуев: Кыргыз киносуна жаңы дем керек

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 120

“Кыргыз кино ишмерлер уюмунун” иштей баштаганына бир жылга чамалаш убакыт болуп калды. Аталган уюм Кыргыз киноматографисттер союзу менен кандай кызматташат? Алдыларына кандай максаттарды коюп иш алып барып жатышат? Мына ушул өңдүү суроолор менен “Кыргыз кино ишмерлер уюмунун” төрагасы Наргозуев Бегалы Молдогозуевичке кайрылганбыз.

— Бегалы Молдогозуевич, “Кыргыз кино ишмерлер уюму” качан түзүлгөн? Кимдер демилгечи болгон?

— 2025-жылдын башында белгилүү кинорежиссерлор Темир Бирназаров, Бакыт Мукул, Дастан Жапар Рыскелди ушундай уюм түзөлү, жаңыча иш баштайлы, кино тармагындагы коррупцияга
каршы бирге күрөшөлү деген сунуш менен мага келишиптир. Үчөө тең эл аралык “А” класстагы кинофестивалдардын баш байгесин жеңип алган режиссерлор. Ойлору мага жакты. Анткени,
акыркы жылдары кыргыз кино тармагы эски союздук ыкмадан чыга албай, баягы эле сыйлык талаш, эл аралык фестивалдарга ким барат деген талаш, өкмөттөн сыйлык суроо, кыскасы 35 жылдан бери иштөө методдору өзгөрбөй келет. Ошондон улам жаңылануунун, азыркы заман шартына ылайык иш жүргүзүүнүн зарылдыгы келип чыкты. Негизги максатыбыз эле кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошуу. Биринчи кезекте кинорежиссерлордун, операторлордун, сценаристтердин, бардык эле кино ишмерлеринин башын кошуу, бир
жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, кеңешип-кесип, дүйнөлүк кино өндүрүшүнүн агымына жараша иш кылсак деген аруу тилегибиз бар. Антпесек, бул багытта ырааттуу, жигердүү иш жүргүзгөн эч ким болбой жатат. Коом, жашоо, ал турсун жаратылыш өзгөрүп жаткан маалда кыргыз кино-өндүрүшү үзгүлтүккө учурап калбаса дейбиз.

— Ошондо кандай, Кыргыз кинематографисттер союзунан бөлүнүп, өз алдынча иштей турган болуп калдыңарбы?

— Ооба бөлүнүп жатабыз. Баарыбыз Кинематографисттер союзунун мүчөсү элек. Ал жактан чыгуу тууралуу арыз жазып жөнөткөнбүз. Биз жаңы багытта, заман шартына ылайык, айрым бюрократиялардан сырткары иш алып баралы деген жакшы ой менен бириктик. Биз Кинематографисттер союзуна атаандаштык жараталы деп жатабыз. Мүмкүн болсо алардын ишине түрткү берип, алар эске албай жаткан маселелерди алдыга жылдырып, жаш муундарды тарбиялоо, жеңил-желпи фильмдерди эмес, жана мен жогоруда белгилеген “А” классындагы фестивалдардын гран-присин алган режиссерлор тарткандай эл аралык алкакта кызыкчылык жарата турган, чоңчоң кино-өндүрүшчүлөрүнө атаандаша ала турган фильмдерди жаратуу, артынан түшүү, аракет кылуу, жолун издөө менен алектенсек деген оюбуз бар. Дүйнөлүк кино тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөр, жетишкендиктер, жаңыдан пайда болуп жаткан өзгөчөлүктөр боюнча пикир алмашуу, баарлашуу боло турган аянтча түзөлү, режиссерлордун, операторлордун, бардык киного тиешеси бар ишмерлердин көңүлүн дүйнө коомчулугун кызыктырып жаткан маселелерге
буралы, күнүмдүк, жеңил нерселерден алаксыталы деп жатабыз.

— Кино өндүрүшү жакшы эле өнүгүп жаткандай көрүнөт. Кинофильмдер биринин артынан бири тартылып жатат. Мунун эмнеси канааттандырган жок сизди?

— Ооба талаш жок. Кино тармагы өнүгүү жолунда. Мени тынчсыздандырганы жана мени менен пикирлеш киночулардын оюн бурганы олуттуу темаларды эмес, күнүмдүк темаларды козгогон
коммерциялык фильмдердин көп тартылып жатканы болууда. Анткени мына, өзүңүз көргөндөй, акыркы жылдары мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, аз эмес акча каражаты бөлүнүп, киноөндүрүшү жанданып калды. Быйылкы жылы эле 80ден ашуун кино тартылып жатат. Каражаты бар. Демек, кыргыз киносу кандайдыр чоң секирик жасоонун алдында турат. Эми ошондой мүмкүнчүлүк жаралып жаткандан кийин акчанын артынан түшүп эле оңой акча таба  турган кинолорду тарта бербей, салмактуу, ошол эле экология, миграция, согуш жана тынчтык өңдүү глобалдык маселелерди козгогон, жалпы адамзатына тиешеси бар проблемаларды алып чыккан кинолорго багыт жасасак деген оюбуз бар.

— “Кино ишмерлер уюму” уюштурулду. Анан эми эмне иш кылып баштадыңар? Каражатты кайдан алып жатасыңар?

— Айткандай эле, атайын каттоодон өтүп иштей баштаганыбызга 1 жылга чамалаш убакыт болду. Төрт долбоор жазып өткөргөнбүз. Төртөө тең жактырылды. Биринчиси, Кыргызстанда Улуттук
кинофестиваль жок экен. Ал эми эл аралык кинофестиваль бар. Жана жогоруда айттым эле быйыл эле 80ден ашык кино тартылып жатат деп. Демек, алардын
жакшы жаманын аныктап турган фестиваль болсо деп жазган долбоорубуз өттү, мамлекеттин колдоосуна ээ болду. Буйруса 12-декабрда алгачкы улуттук кинофестивалыбызды өткөрөлү деп турабыз. Быйылкысы Бишкекте өтөт. Анан планыбыз боюнча ар жылы ар башка облуста өткөрүп турсак деген максаттарыбыз бар. Жыл сайын чыныгы элдин аң сезимин көтөрө турган, дүйнөлүк коомчулукту кызыктыра турган, чыныгы кино искусствосунун чыгаандарын аныктап турсак жаман болбойт эле. Ал бир. Экинчи мен жогоруда белгилегендей “А” класстагы фестивалдардын жеңүүчүлөрү жогоруда мен атын атаган режиссерлор болчу. Ага былтыр белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубат да Шанхайда гран-при алып кошулду. Мына ушул биздин мыкты кинорежиссерлордун иш тажырыйбасын жайылталы. Алардын мастер-класстарын уюштуралы. Билгендерин жаштарга, жаңыдан кино тарта баштаган режиссерлорго, башка киного аралашып жүргөн адамдарга үйрөтөлү, пикир алмашалы деген максатта дагы бир долбоор жазганбыз, аныбыз да колдоо таап аталган режиссерлор мастер-класс өткөрүп жатышат. Дегеним, өзүңөр көрүп турасыңар өлкөдө кинобум башталып кетти. Акчанын артынан кууп, майда-барат, жеңил-желпи, айтайын деген ою жок кинонун артынан түшүп кетишти. Аларга бир маяк боло турган, үлгү катары көрсөтө турган, багыт бере турган, терең ойго сала турган фильмдер боюнча кеңири айтып берелик,керек болсо түшүндүрөлү, ой-бөлүшөлү, ийгиликтин жолун көрсөтөлү дегенбиз. Буйруса аныбыз да иштеп баштады. Темир Бирназаров (“Түнкү кырсык”), Бакыт Мукул, Дастан Жапар Рыскелди (“Атанын керээзи”), Актан Арым Кубат (“Кара, кызыл, сары”) фильмдери гран-приге ээ болгон. Булар жөнөкөй кишилер эмес. Чоң эл аралык кинофестивалдын гранприсин жеңип алгандар. Башка жок. Буйруса “Гран-при мектеби” долбоорубуз да
иштеп баштады.

Азыр шатыратып кино тартып жаткандар кимдерге карап түздөнүш керек. Менин оюмча мына ушул 4 кинорежиссерго карап түздөнүш керек. Булардын толук метраждуу көркөм фильмдерин “А” классындагы эл аралык кинофестивалдардын көркөм табити бийик кино тандоочулары тандап, жогорку даражалуу жюрилери жогору баалап
жатпайбы. Бул төртөө — кыргыз киносунун генералдары. Генералдык клуб болгон сыяктуу эле бул төртөөнүн, “кино генералдарынын” клубун уюштуруп, жаштар алардын чыгармачылык устаттыгын үйрөнүп, ушулардан үлгү алыш керек. Кыргыз киносу ушул багытта кетсе туура өнүгөт. Жаштардын көбү коммерциялык максатта примитивдүү фильмдерди тартып жатканда биз бул төрт “кино генералдарынын” тажрыйбасы аркылуу жаштардын талантын, бардык мүмкүнчүлүктөрүн чыныгы киноискусствонун
чыгармаларын жаратууга бургубуз келет. Жаштарга ушулар маяк болуп бериш керек. Ошондо бир жылда тартылган 80 кинонун баары коммерциялык максатты кана көздөбөй, жок дегенде 30 пайызын чыныгы киноискусствонун жолуна сала алсак чоң жетишкендик болмок. Дагы бир долбоор кыргыз кино тармагына арналган кесиптик сайт жок экен. Башка маалымат сайттарынын маданият деген бөлүгүндө анда-мында кино боюнча маалыматтар чыгып калат экен. Биз ушул жагын дагы колго алалы деп жатабыз. Кино жаңылыктары, дүйнөлүк киноискусствосу, белгилүү актерлор, өзүбүздүн кино тармагы боюнча кеңири маалымат таркатып, кино сүйүүчүлөрдүн көңүлүн буруп, алардын табитине жараша маалыматтарды кеңири чагылдырып турбасак болбойт экен. “Кыргыз киносу” деген сайт ушул октябрь айында ачылганы турат, буйруса. Төртүнчүсү Кыргызкинематография департаменти менен бирге кыргыз киносунун келечек багыты боюнча стратегиялык план иштеп чыгып, сунуштайлы деп жатабыз. Кыргыз киносу кандай багытта өнүгүшү керек, анүчүн кандай
шарттар түзүлүшү керек, кыргыз киночуларына кандай жол көрсөтөбүз деген долбоор болот.

— Бегалы Молдогозуевич, заман өтө ылдам өнүгүп жатат. Айрым тармактарда адам акылын ашып өткөн жасалма интеллект дегендер пайда болду? Кинонун келечеги кандай болот?

— Сурооңузду түшүндүм. Жасалма интеллект боюнча көп пикирлер айтылып жатат. Анын киного да тиешеси бар. Кино тартуунун зарылдыгы болбой калат, режиссерлорду жасалма интелект алмаштырат деген ойлор жок эмес. Бирок, мен ага кошула бербейм.Жасалма интеллект эч качан адамды алмаштыра албайт. Ооба, жасалма интеллект маалыматтарды тез сүрүштүрүп, анализдеп бир жыйынтык бере алат. Ал эми адамдардын ички дүйнөсүнө сүңгүп кире албайт, ички туюм, сезим деген бар. Ал жагынан жасалма интеллект адамды алмаштыра албайт. Чыгармачыл дүйнө кинодо болобу, адабиятта болобу адамдын ички туюмдары, сезимдери, сүйүүсү, күйүтү менен коштолуп турат эмеспи. Демек, жасалма интеллект бул жагынан алсыз.

— Маегиңизге рахмат! Ийгилик каалайм!

Курманбек РЫСПАЕВ

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X