Марлен Маматалиев студенттерге заманбап жабдууларды тапшырып, 1,3 млн сомдук сертификат берди

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 87

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ABank окуу борборунун ачылышына катышып, Автоматтык башкаруу кафедрасына заманбап жабдыктарды тапшырды.

Алгач Төрага өзү да ушул жогорку окуу жайда билим алганын эскерип: “Андагы жагдай менен учурдагы кырдаалды салыштырууга болбойт. Азыр билим менен тажрыйбаны айкалыштыруу үчүн заманбап технологиялар өтө зарыл. Ошондуктан, жогорку окуу жайларын тиешелүү жабдуулар менен камсыздап, келечекке керектүү адистерди тарбиялап чыгышыбыз кажет. Биз бул жааттагы сунуштарды колдоого алып, ар тараптан жардам берүүгө даярбыз”, – деди.Возможно, это изображение один или несколько человек и костюм
Муну менен катар тапшырылып жаткан заманбап жабдуулар студенттердин татыктуу билим алуусуна кызмат кылсын деген тилегин билдирген Марлен Маматалиев: “Ушул университеттен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салымын кошуп, байрагыбызды бийиктерде желбирете турган мыкты уул-кыздар чыгарына терең ишенем”, – деди.
Возможно, это изображение текст
Андан тышкары, окутуучулар жамаатына да жакшы каалоолорун айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге 1 млн 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

9-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 87
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X