Чынара Мамажакыпова: Садыр Жапаровдун турак жай саясаты: элге жеткиликтүү үй, аймактарга жаңы мүмкүнчүлүк
Көп жылдар бою Кыргызстанда өз үйүнө ээ болуу көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн жетүүгө кыйын болгон максаттардан болуп келген. Акыркы жылдары мамлекеттик ипотекалык программалар кеңейип, аймактарда да көп кабаттуу турак жайлар курулууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) ишмердүүлүгү, жеткиликтүү турак жай куруу жана аймактардын өнүгүшү тууралуу «Тынчтык» партиясынын лидери Чынара Мамажакыпова менен баарлаштык.
—Чынара Жуманазаровна, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнүн аймактарга жайылышы турак жай саясатынын жаңы баскычка чыкканын билдиреби? Бул жарандардын өз үйүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө кандай таасир этет?
— Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнүн аймактарга жайылышы — турак жай саясатынын маанилүү багыттарынын бири. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор жарандардын өз үйүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.
Буга чейин мамлекеттик ипотекалык программалар негизинен Бишкек жана Ош шаарларына көбүрөөк багытталып келсе, азыр аймактарда да көп кабаттуу үйлөр курулууда. Мисалы, Нарын шаарында 216, Кочкор районунда 217 батир пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол, Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда турак жай куруу иштери жүрүп жатат. Жумгал районунун Чаек айылында 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды.
Мындай долбоорлордун мааниси батирлердин саны менен эле чектелбейт. Аймактарда жашоо шарттары жакшырып, жарандар өз жеринде калып, иштеп, үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул ички миграцияны азайтууга жана жер-жерлердеги адистердин жетишсиздигин чечүүгө да өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары, Нарын менен Кочкордогу жаңы турак жайлардан жергиликтүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн кызматтык батирлердин каралышы мугалимдерди, дарыгерлерди жана жаш адистерди аймактарга тартууга жардам берет. Демек, турак жай куруу — элдин жашоо шартын жакшыртуу менен катар аймактарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам.
— Жеткиликтүү турак жай куруу эмне үчүн мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктуу багыты болуп саналат? МИКтин ишмердүүлүгү калктын жашоо сапатын жогорулатууда кандай роль ойнойт?
— Турак жай — адамдын негизги муктаждыктарынын бири. Өз үйүңдүн болушу үй-бүлөгө туруктуулук берип, балдарды жакшы шартта тарбиялоого, келечекти ишенимдүү пландаштырууга шарт түзөт. Ошондуктан жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин социалдык саясатынын маанилүү бөлүгү болушу керек.
Президент Садыр Жапаров да бул багытка өзгөчө көңүл буруп келет. 2026-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2 миллиард долларга жеткенин билдирген. Ошондой эле 2026-жылдын аягына чейин 20 миңге жакын үй-бүлөгө батир берүү пландалып жатканын айткан. Бул — турак жай маселесин чечүүгө багытталган ири максаттардын бири.
Албетте, мындай демилгелердин натыйжасы курулган үйлөрдүн саны менен гана өлчөнбөшү керек. Эң негизгиси, турак жай чындап муктаж болгон жарандар үчүн жеткиликтүү болуп, ипотеканын шарттары үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүгүнө туура келиши зарыл.
Ошондой эле батирдин сапатына жана анын айланасындагы инфраструктурага көңүл буруу маанилүү. Суу, электр энергиясы, жылуулук, жол, мектеп жана бала бакча сыяктуу шарттар камсыздалганда гана жаңы турак жайлар толук кандуу жашоого ыңгайлуу болот. МИКтин ишмердүүлүгү дал ушул маселелерди эске алуу менен өнүксө, анын калктын жашоо сапатын жакшыртуудагы ролу дагы да жогорулайт.
— МИКтин ишмердүүлүгү элдин жашоосуна кандай оң өзгөрүүлөрдү алып келүүдө жана бул багыттын келечегинен кандай мүмкүнчүлүктөрдү күтүүгө болот?
— Эң башкы өзгөрүү — жарандардын өз үйүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгүнүн кеңейип жатканы. Үй-бүлө үчүн жеке турак жайдын болушу — бул жөн гана мүлккө ээ болуу эмес, келечекке ишеним менен кароого шарт түзгөн маанилүү негиз.
Өз үйү бар үй-бүлө балдарынын келечегин пландап, жашоо шартын жакшыртууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк алат. Ал эми аймактарда турак жайлардын курулушу жаш адистердин өз жеринде калышына, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө жана калктын жашоо шарттарынын жакшырышына өбөлгө түзөт.
Келечекте мамлекеттик ипотекалык программалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, турак жайга муктаж болгон жарандардын көбүрөөк бөлүгүн камтуу маанилүү. Ошол эле учурда курулуштун сапаты, ипотекалык шарттардын жеткиликтүүлүгү жана жаңы конуштардагы инфраструктура маселелери туруктуу көңүл борборунда болушу керек.
Жалпысынан алганда турак жай саясатына узак мөөнөттүү инвестиция катары кароо зарыл. Анткени үй-бүлөлөрдүн туруктуулугу, жаштардын келечекке ишеними жана аймактардын өнүгүшү өлкөнүн жалпы өнүгүүсү менен тыгыз байланышта. Мамлекеттик программалар натыйжалуу иштеп, турак жай чындап элге жеткиликтүү болсо, бул багыт коомдогу социалдык туруктуулукту бекемдөөгө чоң салым кошот.
Чынайым Кутманалиева