«Бишкек Арена» расмий ачылды. Борбор калаада масштабдуу майрам башталды
Борбор калаада көптөн күткөн «Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземи башталды.
Ачылышка карата Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн масштабдуу майрамдык программа уюштурулуп, сахнага кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздары жана коңшу өлкөлөрдүн популярдуу аткаруучулары чыгат. 
Жаңы стадион миңдеген көрүүчүлөрдү кабыл алууга даяр. Маалыматка ылайык, «Бишкек Аренада» жалпы 60 миңге жакын көрүүчүгө орун жана фан-зона каралган. Ал эми иш-чарага кирүү үчүн билеттер жарандарга акысыз берилди.
Көпчүлүктүн катышуусун эске алуу менен шаар бийлиги да күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Жарандар иш-чара өтүүчү жайга ыңгайлуу жетиши үчүн белгиленген жөнөө пункттарынан «Бишкек Аренага» чейин жана кайра кайтуу үчүн акысыз автобустар каттамга чыгарылды.
«Бишкек Арена» жаңы тарыхын миңдеген көрүүчүлөрдүн катышуусунда баштады.