Расул Пазилов: Балдарым тынч жашаса, ошол бизге чоң бакыт

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндө жашаган Расул Пазилов менен жубайынын быйыл баш кошконуна 50 жыл толду. Жарым кылымдык өмүр жолунда алар үч уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп, 19 неберелүү, 2 чөбүрөлүү болушту. Расул ата улуту боюнча өзбек болгону менен кыргыз элинин каада-салтын өз салтындай сыйлап, эки элдин ортосундагы ынтымакты, куда-сөөктүк мамилени жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бийик коёт. Жакында үйүндө кош майрам болду. Небере кызын төркүлөтүп, кыргыз кудаларына чай берип, аларды кыргыз элинин салты менен тосуп, сый-урмат көрсөтүп узатты. Бул  үй-бүлөнүн 50 жылдык турмуш жолу тууралуу Расул ата менен маектештик.

— Расул ата, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Үй-бүлөңүз, бала-чакаңыз жөнүндө кеп кылсак…

— Мен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндө төрөлүп-өстүм. Атам да, чоң атам да ушул жерде туулган. Чоң атам Пазыл дагы айылда бригадир, бухгалтер болуп иштеген. Өзүм 1954-жылы төрөлгөм. Байбичем экөөбүз бир мектепте окудук. Кийин тагдыр бизди бир үй-бүлө кылып бириктирип, үч уул, бир кыздуу болдук. Бүгүнкү күндө 19 небере, 2 чөбүрөбүз бар.

Биздин айылда кыргыз-өзбек эли аралаш, бир туугандай жашап келет. Бири-бири менен куда болуп, кыз берип, кыз алып, жакшы күндөрдө да, оор учурларда да катар турабыз. Менин балдарымдын арасында да кыргыз улутундагы үй-бүлөлөр менен куда-сөөк болгондор бар. Улуу уулумдун тун кызы кыргыз жигитке турмушка чыкса, башка кыргыз кудаларым да бар.

— Үй-бүлөңүздү багуу үчүн кандай жумуштарда иштедиңиз?

— Армияга барып келгенден кийин автобазада айдоочу, кийин колхоздо фермердик чарбада прораб болуп эмгектендим. 1990-жылы Союз тараган учурда өз алдымча жүргүнчүлөрдү тейлөөчү «Ала-Тоо Транс» деген жеке ишкана ачтым. Ошондон бери ишимди улантып келем. Негизинен бүт өмүрүм транспорт тармагында өттү.

— Балдарыңызга кандай тарбия берүүгө аракет кылдыңыздар?

— Балдарга биринчи кезекте эмгекти, билимди жана адамды сыйлоону үйрөтүүгө аракет кылдык. Улуу уулум Самарканддагы Жогорку аскердик окуу жайын бүтүрүп келди. Келиним медайым. Экинчи уулум да окуусун бүтүрүп, азыр үй-чарбасы менен алектенет. Кичүү уулум колледжди бүтүрүп, жеке ишкерлик менен алектенет. Анын жубайы да медайым. Байбичем өзү да политехникалык институтту бүтүргөн. Балдарыбыздын ар бири өз ордун таап, эмгектенип жашап, жатканына шүгүр кылабыз.

— Мады айылында кыргыздар менен өзбектер аралаш жашайт экенсиздер. Эки элдин мамилесин өзүңүз кандай баалайсыз?

— Биздин айылда кыргыз, өзбек, башка улуттун өкүлдөрү да бар. Айылда эки мектеп болсо, анда кыргыз-өзбек балдары аралаш билим алышат. Өзүмдүн досторумдун арасында да кыргыздар, өзбектер бар.

Менимче, элдер аралаш жашаганда бири-бирин түшүнүү да жеңил болот. Куда-сөөк болуп, той-аштарда чогуу жүрүп, бири-бирибиздин салтыбызды билебиз. Менимче, элди жакындаткан нерсе – бири-бирин сыйлоо.

— Сиздер кыргыз жеринде жашап, кыргыз элинин да каада-салтын карманып жүрөсүздөр. Үй-бүлөдө бул салттар кандай айкалышат?

— Биз Кыргызстанда жашап жатабыз. Ошондуктан кыргыз элинин, өзбек элинин да каада-салтын чогуу алып жүрөбүз. Маданият бир эле улуттан чыкпайт да. Ар бир элдин өзүнө жараша жакшы салты, наркы бар. Жакшы нерсени үйрөнүп, колдонуп жүрүш керек. Мисалы, мурда 1-Май, 9-Май, жаңы жыл сыяктуу майрамдарды белгилесек, азыр Эгемендүүлүк күнүн, Конституция күнүн, Орозо айтты, Курман айтты да белгилейбиз. Бул майрамдардын баары биздин жашообуздун бир бөлүгү болуп калды.

Улуу уулум окуусун бүтүп келгенде анын Көлдөн, Нарындан, Чүйдөн келген достору чогулуп, той өткөрдүк. Экинчи уулум үйлөнгөндө да кыргыз-өзбек салтын аралаштырып той өткөрдүк. Биздин айылда той болсо, көбүнчө эки элдин салты чогуу колдонулат. Бул көнүмүш көрүнүш болуп калган. Мен муну жакшы нерсе деп эсептейм. Анткени салт – элди бөлгөн эмес, тескерисинче, жакшы жагынан алганда жакындаткан нерсе.

— Байбичеңиз экөөңүздөрдүн чогуу жашаганыңыздарга быйыл 50 жыл болуптур. Жарым кылымдык жолду кандай басып өттүңүздөр?

— Байбичем экөөбүз 1976-жылы үйлөнүп, быйыл баш кошконубузга 50 жыл болду. Турмуш курган учурда ата-энебиз бар эле. Ал кездеги жашоо азыркыдан башкача болчу. Кыйынчылыктар болгон, бирок аны анчалык деле сезчү эмеспиз. Себеби, мамлекет көп нерсени дүкөндөргө жеткирип турчу. Бирок кайсы заманда болбосун, ар бир үй-бүлөдө өзүнүн кыйынчылыгы болот. Турмуш деген дайыма эле түз жол эмес. Эң негизгиси – келген кыйынчылыкты үй-бүлө болуп чогуу жеңе билүү керек. Эгер көйгөйдү бир адамдын мойнуна эле илип койсоң, ал оор сезилет. Ал эми жубайлар бири-бирин түшүнүп, колдоп турса, кандай гана кыйынчылык болбосун жеңил өтөт. Менин түшүнүгүмдө, үй-бүлө деген – жакшы күндө гана чогуу жүрүү эмес, оор күндө да бири-бириңди таштабай, жөлөк болуу.

— Чогуу жашаган жубайлардын ортосунда таарыныч болбой койбойт эмеспи. Байбичеңиз экөөңүздөр таарынышып калганда бири-бириңиздердин көңүлүңүздөрдү кантип табасыздар?

— Албетте, кээде пикир келишпей калган күндөр болот. Бирок биздин таарынычыбыз көпкө созулбайт. Байбичеме үйлөнгөндө гүл бергеним эсимде. Андан кийин деле гүл берип, белек кылганым эсимде жок. Эми үй-бүлөдө эң негизгиси белек деле эмес. Бири-бириңди түшүнүп, сыйлап жашоо маанилүү.

— Үй-бүлөдө өзүңүздөр карманган кандайдыр бир эреже барбы?

— Биз балдарга Кыргызстан биздин мекенибиз экенин айтып келебиз. Ушул жерге, ушул элге кызмат кылып, мекенди сыйлап жашоого үйрөтөбүз. Менин алты атама чейин ушул жерде төрөлгөн. Ушул жердин суусун ичип, нанын жеп чоңойдук. Ошондуктан бул жердин салтын, тилин, дилин сыйлайбыз. Адам кайсы улуттан болбосун, өзү жашаган жерин, элин сыйласа, ошол жерде ынтымак болот.

— Кыргыз үй-бүлөдөн куда күтүүдө алар менен мамиле курууда эмнеге көңүл бурасыз?

— Мен кудаларга эч кандай шарт койбойм. «Колуңардан эмне келсе, ошону бергиле» дейм. Небере кызымды кыргыз үй-бүлөгө бергенде да уулума: “Кызың ошол үй-бүлөдө жашайт. Алардан ашыкча эч нерсе талап кылба. Эң негизгиси – эки бала ынтымактуу жашасын», – деп айттык. Биз үчүн балдарым тынч жашаса, ошол чоң бакыт. Бул дүйнөдө көп нерсени акчага сатып алса болот. Бирок бакытты эч кандай акчага сатып ала албайсың.

Бизде өзбек улутунда кызга калың алынбайт. Кыз берип жатканда да уул тарапка: «Мүмкүнчүлүгүңөргө карап гана той бергиле», — дейбиз. Элдин алдында атаандашып, бири-бирин кыйнаганды туура көрбөйм.

— Азыр жаш үй-бүлөлөрдүн арасында «турмуш оор, жашоо кыйын» деген сөздөр көп айтылат. Сиздин көз карашыңызда, жаштар эмнеден кыйналып жатышат?

— Азыркы жаштардын арасында мээнетти аз кылгандар да бар. Турмушта кичине эле оорчулук болуп калса, дароо эле көйгөй катары кабыл алгандар кездешет. Менин оюмча, ар бир адам өзүнүн көйгөйүн чечкенге аракет кылышы керек. Турмушта көйгөй болбой койбойт. Көйгөй – жашоонун бир бөлүгү. Сенин көйгөйүңдү башка бирөө келип чечип берүүгө милдеттүү эмес. Азыр жаштарда мүмкүнчүлүк көп. Ар бир адам аракет кылса, эмгектенсе, өз ордун табууга болот.

— Сиздин түшүнүгүңүздө үй-бүлөлүк салттын мааниси эмнеде?

— Ата-бабадан калган үрп-адатты сактоо керек. Бирок салтты карманабыз деп адамды кыйнап коюунун кереги жок. Балдар үйлөнүп жатканда кыргыздын да, өзбектин да жакшы салтын колдонсо болот. Салттын жакшы жагы — ал адамдарды жакындатат. Куда-сөөктүн ортосунда сый-урмат болот. Балдар эки үй-бүлөнү байланыштырат.

Байбичем менен чогуу жашаган 50 жыл ичинде үй-бүлөбүздө кимдир бирөөбүз бөлүнүп, шарт койбодук. Үй-бүлө — бир үйдө жашаган адамдардын гана биримдиги эмес, бири-бирин түшүнүп, кыйынчылыкты чогуу жеңип, кубанычты тең бөлүшкөн чоң дүйнө. Ошондуктан үй-бүлөнүн бекемдиги үйдөгү ынтымактан, бири-бирине болгон сый-урматтан башталат. Ошол эле учурда үй-бүлөдө калыптанган жакшы тарбия, салт-санаа кийинки муунга өтүп, коомдун пайдубалын түзөт.

Кенже Осмоналиева

 

Бул макала Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.

 

 

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X