Нурбек Сатаров: Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Теңир-Тоодо татыктуу өткөрүлөт

5-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 261

Кырктын кырынан эми оогон дубан башчысы менен Теңир-Тоодогу бир катар маселелердин айланасында кеңири маанайда баарлаштык. Мамлекеттик башкаруудан түшүнүгү кенен, карьералык секириктерди да этап-этабы менен ырааттуу жагдайда басып келе жаткан маектешим бул сапар шарты катаал аймактагы көйгөйлөр менен алпурушуп жатканын жашырбады. Мындан ары да түз басыгынан жанбаса, Нурбек Бейшеналиевич алдыда алыска чуркай турган түрү бар. Көз тийбесин!

— Нурбек Бейшеналиевич, келерки жылы эгемендүүлүктүн 36 жылдык мааракеси Теңир-Тоодо өткөрүлмөй болду. Адатта, мындай саамалыктарга тоодой пландар түзүлүп, а бирок, иш жүзүнө келгенде аларды аткарууга убакыт жетишсиз болуп калчу эле. Сиздер үчүн мерчемделген 1 жылдык мөөнөттө мелжеген иштерге жетишүү мүмкүнбү?

— Албетте, бир жылдык мөөнөт — чоң жоопкерчиликти талап кылган убакыт. Бирок, туура уюштуруу, так пландоо жана бардык тараптардын биргелешкен аракети менен белгиленген иштерди өз убагында ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүк бар. Биз эгемендүүлүктүн 36 жылдык мааракесин Нарын облусунда өткөрүүнү жөн гана майрамдык иш-чара катары эмес, аймактын өнүгүүсүнө түрткү бере турган чоң мүмкүнчүлүк катары карап жатабыз. Ушул максатта өнөр жай, инфраструктура, жол жана туризм багыттары боюнча конкреттүү иш-чаралар планын түзүп, эң керектүү объектилерди ишке киргизүүгө басым жасайбыз. Башкы максатыбыз — майрамды татыктуу өткөрүү менен катар, анын артында Нарын элине керектүү, узак жылдар кызмат кыла турган жаңы объектилер, жакшыртылган жолдор, өнүккөн инфраструктура жана туризм үчүн жаңы шарттарды түзүү. Пландын алкагында майрамдык иш-чаранын расмий бөлүгүн Нарын шаарында, ал эми улуттук ат оюндары жана тиешелүү иш-чараларды райондордун аймагында өткөрүү каралууда. Теңир-Тоо жергесинде эгемендүүлүктүн 36 жылдык мааракесин өткөрүү Нарын облусунун өнүгүүсүн жаңы деңгээлге чыгарууга берилген тарыхый окуя болмокчу. Ошондуктан, убакытты туура пайдаланып, белгиленген милдеттерди сапаттуу аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

— Президент Садыр Нургожоевич 3 ай мурун Нарын облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда сиз баштаган тиешелүү жетекчилерге Теңир-Тоонун жергиликтүү калкы көтөргөн ар бир көйгөйлүү маселени карап чыгууну, аларды кыска убакыттын ичинде чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырганы бар. Өлкө башчыбыздын берген тапшырмалары канчалык деңгээлде аткарылууда?

— Өлкө башчыбыздын Нарын облусунун тургундары менен жолугушуусунда жалпы 234 жарандан 355 суроо келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө карай алардын 49у (13,8%) чечилди. 85и (23,9%) аткарууда турат. 221 кайрылуу (62,3%) жогорку органдар тарабынан чечилүүчү маселелер. Мунун ичинен 58и биздин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө тиешелүү болсо, анын 22и маселеси аткарылып, калганы аткарууда турат. Айтор, эл тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелер көз жаздымда калган жок.

— Күз келгени облус аймагында карышкырлар күчөп, жергиликтүү элдин караан тутуп, оокат кылган төрт түлүгүнө ыксыз кол салып, карапайым элди кыйла чыгымга учуратып келээри адат болуп калган. Кашабаңга каршы облустук деңгээлде күчөтүлгөн иш аткаруу солгун болуп жаткан жокпу? Мергенчилердин мээнетине карата сый акынын өлчөмүн көбөйтүү менен “көзгө атаарлардын” ышкысын ойготууга комплекстүү аракеттерди көрсө болот беле? Дегеле облус жетекчиси катары бул маселе сизди түйшөлтөбү?

— КРнын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 Кыргыз Республикасынын аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн  санын жөнгө салуу жөнүндөгү токтомуна ылайык Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  2025-жылдын 4-декабрында №293-б  “Облустун аймагында карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу” боюнча буйругу чыгарылып, иш алып барылууда. Жыл башынан бери облус боюнча 133 карышкыр, 295 чөө мергенчилер тарабынан атылып, жок кылынды. Малчылардын малына зыян келтирип жаткан жырткычтарды жок кылган мергенчилерге мамлекет тарабынан тиешелүү комиссиялардын чечиминин негизинде сый акы берилип келүүдө. Тагыраагы, карышкыр аткандарга 6000 сом, бөлтүрүккө 1500 сом, чөөгө 2000 сомдон берилип жатат. Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар тарабынан да мергенчилерге сый акы берилип келүүдө. Жыл башынан бери 52 баш уй-топоз, 203 жылкы, 128 баш кой-эчкиге кол салып, жарандарыбыз чыгымга учураган. Болжолдуу 19 млн сомдун тегерегинде фермерлерге экономикалык зыян келтирилди.

— Тоолуу аймакта кышка камылга, көмүр казуу, отун-суу камдоо беленби? Кара-Кечедеги “кара алтынды” үзгүлтүксүз казууга шарттар түзүлгөнбү?

— Облустун аймагында күз-кыш мезгилине көмүр тартуу иштери бүгүнкү күнгө карата 50%га аткарылды. Калган жетишсиздикти 1-октябрга чейин толук аткарып бүтүрүү иштери жүрүп жатат. Быйыл облус боюнча калкка көмүр сатуу үчүн жалпы 77 кампа уюштурулуп, көмүр тартуу жана калкты көмүр менен камсыз кылуу жылдагыдан салыштырмалуу эрте башталды. “Кара алтын” сентябрдан тартып монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бекитип берген баа менен сатыла баштады.

— Нарын облусу жаратылышы кооз, көз таңкалтырган ажайып жерлери менен туристтерди тартууда өлкөбүздөгү “экинин бири” болгон аймак экендиги талашсыз. Тыштан келген меймандардын агымын көбөйтүү, аларды жылдын 4 мезгил бою тартууга кандай аракеттерди көрүп жатасыз?

— Туризм тармагында облуста жалпы 332 (жеке жактар 267,

юридикалык жактар 44) туристтик субьектилер каттоодон өтүп, 130 субьекти активдүү иш алып барууда. 2026-жылдын январь-июль айларында Нарын облусуна 54 миңден ашык турист келип, өткөн жылга салыштырмалуу  11 миң  туристке жана андан түшкөн каражат 20 млн сомдон ашык болду. Нарын облусунун  туристтик дараметин туруктуу өнүктүрүү үчүн жана туристтердин эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ар бир районго рест-поинттерди куруу иштери жүрүүдө. Теңир-Тообузда мындан ары да жылдын төрт мезгил боюу туризмди өнүктүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Маселен, 2026-жылдын февраль айларында 4 мамлекеттин жана Кыргызстандын (Россия, Кытай, Өзбекстан, Казакстан) тур фирмалары менен турблогерлерин чакырып, Нарындын кышкы кереметин көрсөттүк. Алдыда бул ишти дагы улантып, кышкы туримзди да жандандыруу планыбызда бар. Мындан сырткары, май майрамдарын утурлай Нарын районуна республикалык веложарыш уюштурдук. Андан соң уникалдуу шаарлардын катарын толуктаган Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагына да май айында эл аралык турфестиваль өткөрдүк. Ал жакка да 80ге жакын ар өлкөнүн турфирмалары келип, Миң-Куштун керемет жерлерин көрүп кетишти. Мунун натыйжасында учурда Миң-Кушта туристтердин саны кадимкидей көбөйө баштаганы байкалат. Алдыдагы октябрь айында республикалык деңгээлде “Теңир-Тоо мурасы” аталышындагы кереметтүү Кел-Сууда ири аймактык туристтик жана инвестицииялдык форум уюштуруп жатабыз. Кыргызстанда биринчилерден болуп Нарын облусунда туристтер менен иш алып барган бирдиктүү бир дестиниция түзүлдү. Бул туристтерге да абдан ыңгайлуу болот. Себеби, бааларды, туристтик маршруттарды иреттеп, бирдиктүү тариф саясаты жүрмөкчү.

— Облус аймагында канча дарыгер жетишсиз? Мындай бөксөлүктүү    толтуруу үчүн кандай аракеттерди кылуудасыз? Атайын программа аркылуу ак халатчандардын Теңир-Тоого иштөөсүнө шык берүү планыңызда барбы?

— Бул жагынан тартыштык бар. Нарын облусунда дарыгерлердин жетишсиздиги 143 адисти түзөт. Буга дейре Нарын облусуна 11 дарыгер, 13 интерн жана 7 ординатор келген. Теңир-Тоонун алыскы тоолуу аймактарына жаш дарыгерлерди тартуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен Медициналык Академияда келишимдик негизде окуган 8 студенттин каражатын төгүүгө жардам берилүүдө. Алардын ичинен Адилбекова Жаңыл жана Насарбекова Эрмекайым окуу жайын ийгиликтүү аяктап, Жумгал районунун Чаек айылында үй-бүлөлүк дарыгер-педиатр болуп ишке киришкен. Калган окуучулар учурда окуусун улантып жатышат. Ошондой эле жыл сайын окуу жылынын аягында “Бош орундар жарманкеси” өткөрүлүп, анда Нарын облусундагы медициналык мекемелердеги бош кызмат орундары боюнча кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө атайын маалым каттар берилет. Буга удаа жаш дарыгерлердин турак жай маселесин чечүү максатында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагында жатакана уюштурулуп, учурда жатаканада 12 жаш дарыгер үй-бүлөсү менен жашайт. Мындан сырткары облустун борбору Нарын шаарында, облус ичиндеги райондордо жаш дарыгерлерге батирлерди уюштуруу иштери тынбай жүрүп, МИКтен жеңилдетилген шартта батир алууга аракеттер көрүлүүдө.

Калыгул Бейшекеев

 

 

5-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 261
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X