Кансултан Нурболотов: Эң ыйык аманат – ата-эненин ак эмгеги

– Кансултан мырза, сиздер айылда чоңойгон көп балалуу үй-бүлөлөрдүн бири экенсиздер. Балалыгыңыз, ата-энеңиздин мээрими тууралуу айтып берсеңиз?

– Айылдагы алтын балалык ар бир адамдын жүрөгүндө түбөлүк сакталган эң таза, эң жылуу эскерүү. Ата-энебиз айылдын кадырлуу мугалимдери, ал эми биз бир катар тизилген тогуз бир тууган элек. Үйүбүздөн эч качан күлкү да, китептин баракталган үнү да үзүлчү эмес. Бизди кичинекейибизден эле эмгекке, тартипке үйрөтүп, билимге сугарып чоңойтушту. Сабактан соң баарыбыз тең апабызга жардам берип, атамдын айткан тапшырмаларын аткарууга шашар элек. Бирөөбүз үй жыйнасак, экинчибиз бөбөктөрүбүздү карайбыз, кичинекейлерибиз короо шыпырат. Эмгек менен катар эле, атамдын кечкисин бизге окуп берген аңгемелери, жомоктору биз үчүн эң чоң тарбия да, көңүл ачуу да болчу. Айылдагы балалыктын өзүнчө бир сыйкыры бар эле тандырдан жаңы үзүлгөн ысык нандын жыты, саалган сүттүн даамы, кечинде бүт үй-бүлө бир дасторконго чогулуп, күн бою болгон кызыктарды бөлүшкөн учурлар… Чөптүн, гүлдөрдүн, тоо абасынын жыты азыр да мурдума келе түшөт. Балалыктын бактылуу бир күнүндө атам Кербенден чоң коон алып келди. Апам тамдын алдына таар салып баарыбыз отурдук. Атам коонду узунунан тилип баарыбыздын колубузга карматты. Бах, ошондогу коондун таттуу ширесин шимип, рахаттана жегенибиз эч эстен кетпейт! Андан соң ошондой таттуу коонду эч кезиктирбедим, азыр да коонду көргөн сайын ошол күндөр көз алдыма тартылат… Бизде ашыкча дөөлөт же ашыпташкан байлык жок болсо да, кадыр-барктуу, тарбиялуу жана абдан ынтымактуу үй-бүлө элек. Бактылуу болуу үчүн көп нерсенин кереги жок экенин дал ошол айылдагы балалыгым үйрөттү.

— Ата-энеңиздер тогуз баланы тарбиялап өстүрүшүптүр. Ар бириңиздердин кесип ээси болуп, өз ордуңуздарды табышыңыздарга эмне өбөлгө болду?

— Мугалимдик кесипти аркалаган ата-энебиз бизди сан жагынан гана эмес, сапат жагынан да татыктуу инсан кылып калыптандырууну өмүрүнүн башкы милдети деп билишкен. Бүгүнкү күнү ар бирибиз ар кайсы тармакта өз ордубузду таап, элге-журтка пайдалуу кесип ээлери болуп иштеп жатканыбызга төмөнкү факторлор негизги өбөлгө болду. Үйүбүздө чакан да болсо бай китепкана бар эле. Кечкисин сыналгы көрүүнүн ордуна бардыгыбыз китеп окуп, окуган чыгармаларыбызды талкуулачубуз. Атабыздын окуу, угуу маданияты бийик болчу, жаңы чыккан китептерди калтырбай алдырып, окуп, маанилүү ойлорду кагазга түшүрүп коёр эле. Анын чогулткан санжыралары, жети атасын билсин деп жазып калтырган дептерлери бизге мурас болуп калды. Көп балалуу үй-бүлөдө жумуштар курагыбызга жараша бөлүнүп, «сеники-меники» дебей, бири-бирибизге жардам бергенди үйрөндүк. Таза эмгек бизде чыдамкайлыкты калыптандырды. Ата-энебиз жөн гана акыл айтпастан, өз өмүрү жана эмгеги менен үлгү болушту. Алардын күнү-түнү дебей окуучуларынын келечеги үчүн күйгөнүн көрүп, биз да өз ишибизге адал мамиле жасоону үйрөндүк. «Элдин алдында жүзүңөр жарык болсун» деген бир ооз сөзү биз үчүн башкы принцип болуп калды. Бир туугандар арасындагы ынтымак: Улууларыбыз кичинекейлерин карап, сабактарына жардам берип, багыт көрсөтүп турчу. Ийгиликке чогуу кубанып, мүдүрүлсөк чогуу жөлөптаячубуз.

– Тарбиялоодо атаңыз менен апаңыздын кандай өзгөчөлүктөрү бар эле?

– Атам акылдын, сабырдуулук менен олуттуулуктун түркүгү болсо, апам дилдин, мээримдүүлүк менен иреттүүлүктүн булагы болчу. Атам эч качан катуу кыйкырбай, токтоо айткан олуттуу сөзү же бир карашы менен тарбиялачу. Элдик дастандардан айтып берип, дилибизге улуттук наркнасилди куйчу. Апам үйүбүздүн жылуулугу, куту эле. Үйдөгү иреттүүлүк, тазалык, конок тосуунун жана дасторкондун берекесин сактоонун эрежелери апамдын колунда болчу. Экөө тең балдардын көзүнчө бири-биринин сөзүн эч качан жокко чыгарган эмес. Бала кезде алардын сабакка болгон катаал талабы, кечки тартип, убакытты туура башкаруу жана башталган ишти аягына чыгаруу боюнча эрежелери ашыкча чектөө сыяктуу туюлчу. Бирок кийин эс тартып, турмуш жолуна түшкөндө гана ал талаптар бизде өз алдынчалыкты, чыдамкайлыкты жана жоопкерчиликти калыптандырганын, анын артында терең камкордук жатканын түшүндүк.

– Көп бир тууган болуп чоңоюунун артыкчылыгы эмнеде болду? Азыр ата-энеңиздердин кайсы салттарын улантып келесиздер?

– Көп бир туугандуу үйдө «жалгыздык» деген түшүнүк болбойт. Кандай гана сыноо түшпөсүн, артыңда чоң тирегиң бар экенин сезесиң. Ийгиликте да, кыйынчылыкта да бир муштумга биригип, бири-бирибизге моралдык, кесиптик жана материалдык жактан колдоо көрсөтөбүз. Азыр өзүбүз ата-эне, таята-таяне, чоң ата-чоң апа болуп, балдарыбызды, небере-чөбүрөлөрүбүздү чогултканда ата-энебизден калган салттарын улантып келебиз. Тамакты улуулардын батасы менен баштоо жана аяктоо. Дасторкон үстүндө сыналгы же телефондорду өчүрүп, балдардын ийгиликтери, турмушу тууралуу кенен-кесири пикир алышабыз. Балдарга кур сөз менен акыл үйрөтпөстөн, өзүбүз колубузга китеп алып, эмгекчилдикти жана айланага сый-урмат көрсөтүүнү өз аракеттерибиз менен чагылдырып, «Улууну урматта, кичүүнү ызатта» наркын сактап, улуунун сөзүн бөлбөө, улууга орун бошотуу, кичүүлөргө камкордук көрүп, туура багыт берүүнү туу тутабыз.

– Кансултан мырза, атаэнеңиздердин сиздерге калтырган эң чоң мурасы эмне? Бүгүн аларга жүрөгүңүздөгү маанилүү сөздөрдү айтуу мүмкүнчүлүгү берилсе, эмне дээр элеңиз?

– Ата-энебиз бизге дубалы бийик заңгыраган үй же дөөлөт калтырбаганы менен, алардан калган эң ыйык мурас – билимге болгон өчпөс сүйүү, тунук адеп-ахлак, адал эмгекчилдик, сыймыктуу таза аты жана бир туугандар ортосундагы ажырагыс ынтымак. Эгер бүгүн атам менен апамдын алдында туруу мүмкүнчүлүгү берилсе, терең таазим менен төмөнкү сөздөрдү бир туугандарымдын атынан айтмакмын: «Кадырлуу, сүйүктүү биздин ата-энебиз! Силер бизге бул жарык дүйнөнү гана тартуулабастан, ошол дүйнөдө абийирдүү, билимдүү жана кадырлуу адам болуп жашоонун тунук жолун көрсөттүңөр. Айылдагы мугалимдик кесиптин түйшүктүү жылдарында бардык дилиңерди, мээнетиңерди биздин келечегибизге жумшадыңыздар. Бизге берген аруу тарбияңарга, китепке болгон сүйүүгө, «адал жаша» деген насаатыңарга жана бизди ажырагыс ынтымакта өстүргөн калыстыгыңарга түбөлүктүү таазим! Силер калтырган таза атка, ак батага эч качан чаң жугузбай, кийинки муунга тактыктуу өткөрүп берүү биздин эң ыйык милдетибиз. Башыбызды ийип ыраазычылык билдиребиз жана сиздерди чексиз сүйөбүз!» Ата-эненин ак эмгеги асмандагы жылдыздардай түбөлүктүү! Алардын жүрөгүбүзгө эккен аруу үрөндөрү муундан муунга гүлдөп, өмүрүбүздүн башкы казынасы катары кала берет.

Маектешкен Бактыгүл Кулатаева

Бул макала Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин “Социалдык заказ” долбоорунун алкагында “Үй-бүлө институту” темасы боюнча “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити тарабынан даярдалды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X