Токой кызматынын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда
Токой фондусун натыйжалуу коргоо, токойлорду калыбына келтирүү иштерин күчөтүү жана кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу максатында, Токой кызматынын материалдык-техникалык базасын жаңылоо иштери улантылууда. Акыркы мезгилде токой тармагына санариптик технологияларды киргизүүгө жана кызматкерлерди заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Токой кызматынын атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен 55 компьютер жана принтер комплекти, ошондой эле кызматкерлер үчүн 559 планшет сатып алынды.
Жаңы планшеттер, өзгөчө, тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон токой аймактарында иштеген кызматкерлердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. GPS жана геолокация функциялары менен жабдылган түзүлүштөр, токой фондусунун абалын жеринен ыкчам каттоого, мыйзамсыз токой кыюуларды, токой өрттөрүн, браконьерлик фактыларын жана башка мыйзам бузууларды тез аныктоого шарт түзөт. Ошондой эле талаадан алынган маалыматтарды тиешелүү бөлүмдөргө өз убагында жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Материалдык-техникалык базаны чыңдоонун алкагында, атайын техника жана транспорт каражаттары да көбөйүүдө. Токой кызматынын атайын эсебинин каражаттарына бир JAC үлгүсүндөгү автоунаа сатылып алынса, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен бир экскаватор жана бир JAC T9 пикабы алынды. Жаңы техникалар токой жолдорун куруу жана оңдоо, өрткө каршы минералдаштырылган тилкелерди түзүү, рейддик иш-чараларды өткөрүү, токой кайтаруу кызматкерлерин жеткирүү жана башка маанилүү иштерде пайдаланылат.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 7-октябрында CS-FOR долбоорунун алкагында Токой кызматынын тиешелүү токой чарбаларына жана жаратылыш парктарына токойлорду калыбына келтирүү иштерине багытталган атайын техника жана жабдуулар тапшырылды. Заманбап техника жана санариптик чечимдер менен камсыздоо токой тармагындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатып, токой фондусун коргоо жана калыбына келтирүү боюнча милдеттерди сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт.