Осмонбек Артыкбаев: “Садыр Нургожоевич Кыргызстанга тарых жаратты”

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 169

Табиятынан эл алдына чыгууну анчейин жактыра бербеген Осмонбек Мамбетжанович ушул тапта өткөн-кеткенге сереп салып, ага удаа учурдагы саясий кырдаалды тыкыр баамдап жаткан чагы. Кыргыз парламентинин 3 жолку чакырылышынын депутаты, эки ирет энергетика министрлигин жетектеген тажрыйбалуу саясий ишмер соңку жылдары өлкөдөгү болуп көрбөгөндөй ачылыштарга кубанычын жашырбай, айрым жагдайларын биз менен бөлүштү. Эмесе, каарманыбыздын аксакалдык калыс кебине назар салалы.

— Осмонбек Мамбетжанович, башкасын айтпаганда да ушул аптада 1 күндүн ичинде өлкө аймагында 20 билим ордосунун ачылыш аземи болуп өттү. Жыл соңуна чейин дагы жүздөгөн мектеп, бала бакчалардын, ипотекалык батирлердин берилери күтүлүүдө. Мындай көрүнүш эгемендүүлүк тарыхыбызда эзели болбогонуна сиз деле ынанасызбы?
— Кайпактатпай, кептин ток этерин айтайын, урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин аракети астында тарыхка жазылчу татыктуу, албан иштер аткарылды! Муну мен бир катар мисалдар менен тизмектеп берейин.

— Өзүңүз айтмакчы, ток этерлерин гана тизмектесеңиз…
— Соңку 6 жылда өлкөбүздүн он миңдеген жаштары МИК аркылуу үйлүү болушту. Алдыда бул көрсөткүч жүз миңдеген эсепке жеткени турат. Бул эмне деген көрсөткүч? Мындай жетишкендикти кубаттуу Советтер Союзу дагы камсыздап бере алган эмес. “Ынтымак Ордо”, “Ырыс Ордо”, өзгөчө “Бишкек Аренанын” ачылышы керек болсо коңшу мамлекеттерибизде болгон эмес да, туурабы? Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгынын урматына өлкөбүздө жүздөгөн ишкана, завод-фабрика, социалдык имараттар ачылды. Бүгүн дагы тынбай ачылып жатат. Кече күнү бир күндө 20 мектеп, бала бакчалардын ачылышына күбө болдук. Жаңы жылга чейин мындай билим уяларынын жүзүнүн ачылышы болорунан кабардар болуудабыз. Буга удаа Кыргызстандын тышкы саясаттагы позициясы да активдешти. Дипломатиядагы башка иштерге токтолбогондо дагы жакында жыйынтыкталган ШКУдагы 2025–2026-жылдардагы төрагалык жана 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлануу өлкөнүн эл аралык жоопкерчилигинин деңгээлин жаңы сапаттарга жогорулатты. Ал эми Көчмөндөр оюндарын айтпай эле коеюн. Ушунчалык жогорку деңгээлде уюштурулду. Кыргызстаныбызды дал ушул оюн дүйнөгө таанытты. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу эмне деген айсберг?! Бул каттам толук кандуу ишке берилсе, Кыргызстан аркылуу чыгыштан-батышка эбегейсиз жүктөр ташылып, жол туңгуюгунан чыгып, транзит өлкөгө айланууга баратабыз. Мунун арты менен мамлекеттик казынабызга ири каражаттар түшүп, экономикалык жактан алдыга озоорубуз айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Ал эми жакында ишке берилген Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун ачылышы кыргыз экономикасынын локомотиви болмокчу. Үстүбүздөгү жылдагы дагы бир өзгөчө жетишкендиктердин бири авиация тармагында болгонун барыбыз эле билсек керек. Кыргызстан батыштын “кара тизмесинен” чыгып, мындай жагымдуу окуя тармак үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жол тартты. Муну менен өлкөбүздүн жарандык авиациясы өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштап, алдыда Кыргызстан төрт учак сатып алууну пландап жатканынын өзү жетишкендик эмей эмне?! Ички каттамдардагы миңдеген чакырымдагы жолдордун салынышы өзүнчө бир эпопея десем болот. Албетте, мындай тизмектелген изги иштер өлкөдөгү 6 жыл ичиндеги маанилүүлөрү гана. Булардан тышкары жүздөгөн, миңдеген урунттуу иштер жүз берип жаткандыгын биздин ашынган атаандаштарыбыз дагы тана алышпаса керек.

— Мындай жетишкендиктерибизге 2021-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзамыбыз да бирден-бир себепчи болгондугун айта алабызбы?
— Албетте, өлкөдөгү кыбыр эткендин баары Баш мыйзамдын гана нугунда ишке ашары талашсыз. Ушул жерден кошумчалар сөз, акыркы 6 жылды мен Кыргызстан үчүн мамлекеттик институттардын кайра конфигурацияланган мезгили катары мүнөздөөгө алар элем. Анткени, бул жылдар аралыгын бир беткей эле саясий өзгөрүүлөрдүн контекстинде кароо туура эмес. Бул мезгил ичинде мамлекеттин өзүнүн башкаруу моделин, экономикалык саясатын, ички жана тышкы байланыштарын, коом менен мамлекеттин өз ара мамилесин, жалпы эле мамлекеттик башкарууну кайра карап жаткан убак болду. 2021-жылдагы Баш мыйзам жаңы башкаруу моделинин укуктук негизин түздү. Андан кийинки мезгилде мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу, дебюрократташтыруу, мамлекеттик кызматтын сапатын жаңы баскычтарга жогорулатуу, салык-бажы, билим берүү башкаруусун реформалоо сыяктуу багыттарда институционалдык өзгөрүүлөр уланды. Мындай жетишкендиктерди аягына чыккан реформа катары эмес, мамлекеттик өнүгүүнүн жаңы этабынын, жаңы сапаттарга көтөрүлүшүнүн калыптанышы катары караган туура болот. Силер деле сезип жатсаңар керек, өлкөбүздө мамлекеттик чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдыгы барган сайын байкалууда. Мурдагыдай бюрократиялык, эски көрүнүштөргө четинен чекит коюлуп жатат. Мындай саамалыктарды санай берсең сөз көбөйө берчүдөн. Аныгында соңку 6 жылдагы өлкөдө жүргүзүлгөн жемиштүү реформаларды алакандай кепке сыйдыруу мүмкүн эмес.

— Мамлекеттик башкаруудан түшүнүгү кең, тажрыйбалуу мамлекетчил инсан катары кандай реалдуу жагдайдагы кеп-кеңеш, сунуштарыңызды айтаар элеңиз?
— Бүгүн дүйнө бир орунда турбай, күн сайын, саат сайын өзгөрүп, өнүгүүдө. Кыргызстаныбыз дагы ааламдагы ачылыштардан калышпай, алдыда өлкөбүздө жогорудагыдай изги иштер кызуу ыргакта, заман чакырыгына удаа уланышы керек. Садыр Нургожоевич мындан ары да бүгүнкүдөй тез ыргакта мамлекеттик кызматтын сапатын күчөтүп, укуктун үстөмдүгүн бекемдеп, кадрдык жүрүштөргө жан киргизип, аналитикалык жана эксперттик потенциалды жогорулатып, экономикалык ири секириктерди камсыз кылган жүрүшүн улантса, адилеттүүлүктү тутунуп, карапайым элибиздин “жеңилин жерден, оорун колдон алган” түз багыттагы саясатынан жанбаса, элибизге дух, кайрат берген кадамынан кайтпаса ал келечекте кыргыздын көсөм жетекчиси катары тарыхта калаары шексиз.

Калыгул Бейшекеев

13-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 169
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X