"Эркин-Тоо"

“ӨЛДҮ” ДЕГЕН МАДАНИЯТ ЭРТЕРЭЭК ТИРИЛСЕ ЭКЕН

Эсиңерде болсо керек, “маданият өлдү” деп айрым саясатчылар, маданият өкүлдөрү өкүрүк салышкан эмес беле. Кечээги жумада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйыны өтүп, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өзү катышып, кыргыз элин дүйнөгө таанытып, байыркы тарыхыбызды, өзгөлөрдөн өзгөчөлүгүбүздү түбөлүккө сактап келаткан маданият тармагыбызды мамлекет каржылоо көлөмүн ырааттуу түрдө көбөйтүүнү көздөп жатканын айтты. Буга “Ай бали!” деп гана айтыш керек. Жапаровдун айтымында, маданий объектилер 2-3 жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп, же кайрадан курулат экен. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров дагы маданият, спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү жана колдоо үчүн кошумча финансы каражаттары бөлүнөрүн белгилептир. Өкмөт театрдын жаш артисттерин чет өлкөгө окууга жөнөтүүгө даяр экени белгилүү болду. Быйыл 6,5 миң кишиге ылайыкталган спорт аянтчасы, оор атлетика залын куруу пландалып жатыптыр. Ушул жылы мамлекеттик социалдык заказдарга 300 млн сом бөлүнмөй болуптур. Жадагалса, жаш жазуучулардын жана акындардын чыгармалары жарыялана турган «АлаТоо» журналына бюджеттик колдоо көрсөтүүгө Министрлер Кабинети даяр экени сөз арасында айтылды. “Муңга” баткан маданият тармагыбыз батыраак өнүксө экен.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!