"Эркин-Тоо"

Саламаттыктыкты сактоо министри Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ: “Оорукананын ичине депутаттар, министрлер аптекаларын жайгаштырып алыптыр”

Министрдин чындыгы

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламент трибунасынан Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге бир топ дооматтарды коюп, саламаттык сактоо тармагында коррупциялык схемаларды түзгөнүн, министрликке келгенден бери миллиондогон долларлык мүлк чогултканын, аялында бир нече үйлөр, кымбат баалуу унаалар катталганын айтып чыккан. Ошондой эле кайнатасынын аркасы менен илимий даражага жеткенин билдирген. Биз министр А.Бейшеналиевдин коррупцияга каршы күрөшү жана айтылган дооматтар боюнча өзүнүн аргументин уктук.

— Алымкадыр Савирдинович, Президент сизди министрликке “30 жылдан бери саламаттыкты сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң деген шарт менен койгом” деди. Эмнелерди жасай алдыңыз?

— Ооба, министр болуп келген кезде эле Президент: “30 жылдан бери коррупция каптап калган саламаттыкты сактоо тармагын оңдоп бер” деген. Андан бери көп нерселерди жасадык. Чындыгында система талкаланып калган болчу. Эгемендүүлүк алгандан кийинки мезгилдеги министрлер реформа кылабыз деген ураан менен 70 жылда түптөлүп калган саламаттыкты сактоо системасын бузган. Союз убагында Семашко деген методиканын негизинде 15 өлкөдө система түзүлгөн. Ошону башкалар бузбады, бизде талкалашты. Ал системага ылайык, бир аймакты бир башкы врач башкарып, жалпы районго жооп берчи. Анан “Манас таалими” жана “Ден соолук” деген программаларды киргизип, башка өлкөлөрдөн чоң акчаларды алып, ар бир аймакта 5тен, 6дан башкармалыктарды түзүп, системаны талкалап салышты. Мисалы, Союз маалында Түптө бир оорукана эле, ошол жерде ооруган кишини карап, эгер стационардык дарылоо болсо тийиштүү жерге жөнөтчү. Ошол жерде тиш доктур, тез жардам, санэпидемстанция ж.б. баары бир кишиге баш ийчү. Анан булардын баарын бөлүп, территориялык стационарды өзүнчө, үй-бүлөлүк медицина борборун өзүнчө, ФАПты өзүнчө, кан борборун өзүнчө, тез жардамды өзүнчө кылып коюшту. Ар бир жерде башкы врач, эки орун басар, бухгалтер, шопур, кассир ж.б. болуп баары чоңоюп кетти.

— Чоңдор көбөйгөн экен да?

— Ооба чоңдор көбөйдү, бирок иштин жыйынтыгы өлдү. Мурун кош бойлуу аялды акушер-гниеколог, туберкулезду физиатр, көздү окулист, кулакты отолоринголог, жүрөгү ооруганды кардиолог карачу. А бул реформада алардын баарын талкалап, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу түзүлүп, баарын бир доктур карай турган кылды. Жыйынтыгында, үй-бүлөлүк врач каттоочуга айланды да, чоң көйгөй башталды.

— Сиз келгенден кийин кандай болду?

— Мен келгенден кийин ар бирин бириктирдим. Мисалы, Түптө азыр бир эле башкы врач бар, ошого аймактык оорукана, бейтапкана, ССМ, ФАП, тез жарда, кан борбору баш ийет. Жалгыз киши керт башы менен өзү жооп берет. Стационарда иштеген адистердин баары поликлиникада иштеп жатат. Башкы дарыгердин орун басарлары өз ордуна келишти. Эң керектүү болгон педиатрды бизге кереги жок деп институттарда педиатрды жок кылып жиберишкен экен, ошолорду биз кайрып келе жатабыз.

— Ушул өзгөрүүнү коррупциялык системаны талкалоо десек болобу?

— Албетте. Себеби, 250дөй башкы врачтарды жумуштан алдым. Бир аймакта 5-6 болчу, азыр бир эле башкы врач калды.

— А.Исманкулов, С.Жумабеков ж.б. кишилердин ызы-чуусу дагы ушундан улам чыктыбы?

— Жогорудагы реформа жүргөндө имараттар бошоп, аны ар ким ээлеп, Исманкулов 3 кабаттуу имаратка кирип алган. Өкмөткө кичине ижара төлөп коюп пайдасын көрүп келишкен. 2-төрөт үйүн “Комек” компаниясына, Ошто имарат жетишпей жатса, оорукананын ичиндеги 3-кабатты берип коюшкан экен. Биз баарын чыгарып, имараттарды кайтардык. Кээ бири жеке өзүнө өткөрүп алыптыр, сот аркылуу алардын баарын алып бүтүп калдык. Андан сырткары, оорукананын жанына же ичине өздөрүнүн аптекасын салып алган. Саламаттыкты сактоо министри болгондордон эле бешөөнүкү бар экен. Андан сырткары, депутаттар, башка тармактагы министрлер аптекаларын жайгаштырып алыптыр. Өкмөттөн берилген дарылар бейтапка, оорукана аркылуу жетпей, аптека аркылуу сатылып калган. Ошол коррупциялык бизнестин баарын токтотуп, аптекаларды имараттардын ичинен чыгарып жатабыз. Албетте мэрия, айыл өкмөтү менен көп жылга келишим түзүп алдык деген шылтоо менен чыкпай, соттошуп жаткандар бар. Бул жерде чоң коррупция бар. Элдин баары билет, врачтар дары-дармектерди жазып, “мобул аптекадан аласың” деп жөнөтчү. Ичине лабораториялар да кирип алган. Оорукананын өзүндө лаборатория турса дагы, “тигил жак жакшы текшерет” деген шылтоо менен жөнөтүп, ошондон бонус алышчу. Мен ошолор менен күрөшүп, аптека жана лабораторияларды чыгардым.

— Аптека тармагы саналуу кишилердин бизнесине айланып калганы чынбы?

— Аптекалар бизнестен сырткары коррупциялык системага да аралашып калган. 30 жылдан бери өкмөт бөлүп берген акчаны башкы врачтар ФОМС менен бирге тендер өткөрүп, ага тааныштарын киргизип, каалаган баа менен ооруканаларга алып келген. Биз аны да токтоттук. Азыр Кыргызстан боюнча 290 уюм бар. Алардын баары дары-дармектерди, медбуюмдарды, реактивдерди кыргызфармациядан алып жатат. Мурун анальгин Бишкекте бир баа болсо, Ат-Башы, Алайга эки эсе кымбат болуп жетчи. Өкмөттүн акчасы чачылып, дары жетпей калчу. Быйыл февралдан баштап Президент уруксат берди, азыр дары-дармектерди бүт кыргызфармация аркылуу арзан, сапаттуу алып жатабыз. Дары-дармектин баасы бажыдан киргенден баштап, аптекага жана бейтапканадагы бейтапка жеткенге чейин көзөмөлдөйбүз.

— Демек, сиз коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан ишиңизден запкы тарткандар, бизнесинен айрылгандар депутат аркылуу чабуулга чыгып жатабы?

— Бул эми баарына маалым, 30 жылдан бери элди алдап, дары-дармекти кымбат сатып, мамлекеттин мүлкүнө кол салгандар жөн эле нанын берип койбойт да. Мен баштаганда эле ушундай болорун билгем, күрөшкө даяр болчумун. Буга чейин депутат айткан дооматтар боюнча 8 иш козголуп, аныкталган эмес. Кызыгы, бул сапар таптакыр башка бирөөнү, Гүлнара Кулматованы менин аялым экенин айтып чыкты. Кайнатасы Р.Кулматов хирург М.Мамакеев менен дос экен, илимий иштерин ошол жазып берген, анын аркасы менен илимий даражага жеткен деп мага көө жапты. Министрликтен кетип Турцияда жүргөнүмдө (аялым ошол учурда рак болуп дарыланып жүргөн, азыр Москвада химия алып жатат) доомат айтылып, тактоо бербейсиңби дегенде кол шилтеп койгом. Депутат айткандан кийин мен аны издеп, Кулматов Ринат Сатаровичтин кызын таптым. Анын күйөөсү Команов Күлчоро экен. Балдары бар экен. Өзү нотариус болуп иштейт экен.

— Ошондо сиздин аялыңыздын аты-жөнү окшош бирөөнү эле айтып чыкканбы?

— Ооба, ошондой кылышкан. Менин аялымдын аты-жөнү Кулматова Замира Марленовна. Ал Ринат Сатаровичке жакындыгы жок, такыр башка. Аты-жөнү окшоштор көп да. Кеңеш Кулматов деген бар эле, баласы Кубанычбек Кулматов мэр болгон. Мисалы, Бейшеналиевдер да көп. Болот Бейшеналиев, Бүбүсара Бейшеналиева бар. Алардан башка да Бейшеналиевдер жүрөт. Окшош болсо эле чаптап алып каралагын туура эмес да.

— Айтып кетпедиңизби: “Аялым Түрцияда дарыланды, азыр Москвада” деп. Коомчулукта саламаттыкты сактоо министринин аялы сыртта дарыланса, анда биздин медицинага ишенич жокпу деген суроо коюлуп жатат, буга не дейсиз?

— Мени камап, соттук иш башталганда аялым ооруп жаткан эле, санаага батпасын деп сыртка алып чыгып кетишиптир. СИЗОдон чыкканымда Турцияда экен. Министр катары ошол эле процедураларды ушул жерде жасатуу үчүн доктурларды чакырсам азыр деле келишет.

— Негизи, биздин доктурлардын күчү жетеби?

— Биздин доктурлардын деле күчү жетет. Бирок, илдет өтүшүп кеткендиктен, бул жактагы доктурлар өздөрү сунуштама беришкен. “Радиальный излучение” бизде жок. Ал Обнискийде гана бар.

— Жусуп Коргонбай уулу “Алтын балалык” боюнча бир топ доомат койду, аларга жообуңуз барбы?

— “Алтын балалык” боюнча Президент абдан жакшы маек берди. Садыр Нургожоевич менен барганыбызда эл кайрылып, “оңдоп бергиле” деп өтүнүшкөн. Президент: “Мына биз министр менен келдик, оңдоп беребиз” деп убада берген. Ошол жерден мага канча каражат кетерин эсептеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Бир фирманы чакырсак 15 млн доллар, экинчиси 25 млн доллар деди. Келип Президентке айтсам, анчалык каражат жоктугун айтып, бирок элге берген убаданы аткарыш керектигин билдирди. Марафон өткөрдүк. Садыр Нургожоевич жеке өзү 3 миллион берди, медиктер бир күндүк эмгек акысын которду. Жалпы 58 млн сом чогулттук. Ковид маалында топтолгон 37 млн сом акча бар экен, ошону да коштум. Демөөрчүлөрдү да таптык. Аягында пляж, пристан, бассейин толук бүтпөй калды эле, Садыр Нургожоевич өзү барып көрүп, кошумча каражат табыш үчүн “Кумтөргө” абалды түшүндүрүп, алар “200 млн сом бөлөбүз” деген. Аны которуу бир топ убакытка созулду. Айтор, бюджеттен 1 тыйын албай, арзан баага, жалпы 291 млн сомго бүттү. Башкалар аны 15 же 25 млн долларга бүтүрмөк.

— 40 миллион сом жана 100 керебет боюнча эмнени айта аласыз?

— Акча бөлүнгөндө тендер өтөт, уткан фирма кийин отчет берет. 200 млн сомго тендер өткөрүлүп, башка фирма утуп алды. Аларды Эсеп палатасы, Салык кызматы, УКМК абдан тыкыр текшерди. Аталган фирма 200 млн сом алып, 240 млн сомдук жумуш жасаган. “40 млн сомду доолабайбыз, балдарга биздин жардам” деген. 40 млн сомдун жөнү ушундай. Ал эми керебеттер боюнча айтсам, Сириядан балдар келет деп калышты. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги бул боюнча аракет кылыш керек болчу, алар эптей албай коюшуптур. Мага чыгышты, “жардам бериңиз” деп. Президент өзү да чакырып: “Тиешелүү министрликке тапшырма бергем, уюштура албай коюшту, орун таппай жатабыз” деди. Бишкектин четинде 15 жылдан бери иштебей турган имараты жакшы “Арчалуу” деген оорукана бар эле, ошону сунуштасам, “300 бала келет оңдогун” деген тапшырма беришти. Мен демөөрчүлөрдү таап, оңдоп-түзөдүм. Кичине жетпей калды эле Президентке айтсам, өзүнүн фондунан 5 млн сом берди. Канализация, жылуулугун бүтүрдүк. 100дөн ашык керебет бар эле, дагы 150дөй керек деп калышты. Биз демөөрчүлөр менен “Алтын балалыкка” алган 1000 керебет бар эле, ошолордон мен 100 керебет, 100 матрас, 100 кашык, 100 идиш-аяк алгам.

— Депутат айткан керебеттерди ошол жакка алып барган экенсиз да…

— Ооба. Садыр Нургожоевич нан жасаган эки “пекарный” сатып берген болчу, анын бирин алып келдик. Мага 100 керебеттин, нан жасаган пекарныйдан эмне кереги бар? Сириядан алып келине турган балдар үчүн алганбыз, алар турат. Буга чейин мени Прокуратура, УКМК, ИИМ бир жыл текшерди. Эч нерсе таба албады. Мурдагысында аялымдын 130 катеджи бар деп жазган. Балам 20 жылдан бери бизнес жасап, Көлдө үй салып сатат. Курулуш компанясы менен элге 130 үй салып берген экен, ошону жазышыптыр. Мындан сырткары, 2015-жылдары бирөөлөр менен келишим түзүп, батирлерди чогуу курган экен ошолордун баарын аялыма чаптаган. Кымбат баалуу машинелерди жазыптыр, бизде эки эле машине турат.

— Мүлкүңүз жокпу?

— Аялым менен кызымда батир бар. Менде айылда 5 сотук жерим бар экен. Ал эми балам 20 жылдан бери бизнесмен, эмнеси бар экени менен ишим жок. Кошумчалай кетейин, кээ бирөө мен Президентке тууган кылып коюшту. Эч кандай тууганчылык жакындыгым жок. Мен Кеминдик болом. Профессормун. И.Ахунбаев түптөгөн кафердранын башчысы болгом. Өлкө башчысы менин кандайдыр бир сапаттарымды байкаса керек, “саламаттыкты сактоо жагын реформа кылып бер” деп милдетти мойнума таккандан бери иштеп келе жатам.

— Соңку суроо, сизге Жусуп Коргонбай уулунун жеке таарынычы болушу мүмкүнбү?

— Мүмкүн. Анткени, биринчи ооруканада менде иштеген жаш баланы кызматка коюп бер деген. Ал бала жеке клиникада иштеген, эч качан чоң ооруканада иштеген эмес. Тажрыйбасы жоктугунан кызматка коюдан баш тарткам.

 

 

Зулпукаар САПАНОВ

№32 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 26-апрели

Пример HTML-страницы