"Эркин-Тоо"

Өзбекстанда автоунаадагы газ баллон жарылып, үч жашар бала каза болду

Өзбекстандын Навои облусунун Кызылтепа районунда Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, үч жашар наристе каза болду. Бул тууралуу 25-декабрда облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык 24-декабрь күнү эртең менен болгон. Кафелердин биринин алдында токтоп турган Cobalt автоунаасындагы газ баллону жарылып, ичиндеги айдоочу менен анын үч жаштагы баласы жаракат алган. Алар түрдүү жарааттары менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай уулу реанимация бөлүмүндө чарчап калган.

Бул окуя боюнча Райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү болжолдуу тергөө иштерин баштады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!