Өзбекстанда Орозо айт 13-майда белгиленет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев тиешелүү токтомго кол койду. Майрамга байланыштуу өзбекстандыктар төрт күн катары менен – 13, 14, 15, 16-майда эс алышат. Токтомдо майрамга байланышкан иш-чараларды карантиндик чектөөлөрдү сактоо менен өткөрүү талабы да эскертилген.