"Эркин-Тоо"

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 26-январда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди.

Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү.

Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!