"Эркин-Тоо"

1,2 млрд сомдук жер жеке жактарга мыйзамсыз берилген — ВИДЕО

Кадамжай районунда дээрлик 1,2 млрд сомдук жер тилкеси мыйзамсыз түдө жеке жактарга берилип кеткен. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тарабынан жеке турак жай курууга трансформацияланбаган жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., К.А.С. жана Т.А.С.нын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды, алар 2016-2023-жылдар аралыгында жеке турак жай куруу үчүн 61,37 га жер тилкесин бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Мындан тышкары, башка мыйзамсыз жер берүү фактыларын жашырууну көздөп, бул адамдар жеке баюу максатында, Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен сүйлөшүп алып, иш жүзүндө 624 болсо да 600,53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен. Анын 61 ,37 га мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген, 6 га жери “Д.Д.М.”га анын 12 жакын байланыш адамдарына белек катары берүүгө берилген, мунапыс боюнча комиссия менен макулдашып 556,63 гектар жерди жергиликтүү тургундар өз алдынча ээлеп алды катары киргизип, үй ээлери бар экендиги тууралуу жасалма маалыматтарды көрсөтүшкөн. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 млрд 63 млн сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз токтомдун негизинде берилген 61,37 гектар жер 103 млн 743 миң 145 сомду түзөт.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, мурда УКМК органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР И.Ж. аттуу жаранына жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алынган 106 миң сом паранын 50 миң сомун кайтарып берүү учурунда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С. кармалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!