Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, карга айланат. Ал эми Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.