"Эркин-Тоо"

19-декабрда Айтыш боюнча эркин чемпионат өткөрүлөт. Байге фонду 500 миң сом!

19-декабрь күнү Бишкек шаарындагы  «Асанбай» маданий борборунда , Curltai — эркин чыгармачылык аянты долбоорунун алкагында уюштурулган Curltai Folk деп аталган Айтыш боюнча эркин  чемпионат өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, калыстык кызматты КР Эл артисти Саламат Садыкова, манасчы Рысбай Исаков,  КР Эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиевдер аткарышат.  Curltai Folk Youtube каналында көрүүчүлөр арасында онлайн добуш берүү уюштурулат.

Жалпы байге фонду — 500 000 сом. Жеңүүчүгө акчалай сыйлык жана күмүш кур тапшырылат.

Curltai Folk долбоорунун милдети —  эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо, мурастарды заманбап дизайнда чечмелөө жана бул байлыкты келечек муунга заманбап форматта салтты урматтоо менен тартуулоо болуп саналат.

Иш-чарага билеттерди https://ticket.kg/event/aytish дарегинен сатып алуу мүмкүн.

Билеттер боюнча + (996) 999 75 66 66 номерине кайрылса болот.

Атаандаштардын тизмесин Curltai Folk Instagram баракчасынан тапса болот https://www.instagram.com/curltai.folk/

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!