Бүгүн, 20-январда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Баткенде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл жергесинде -3…+2, Нарын аймагында -5…-10 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада -1… +1 жана Ошто +4…+6 градус жылуу болот.