"Эркин-Тоо"

2021-жылы Кыргызстан беш өлкөгө алтын саткан

2021-жылдын 11 айдын жыйынтыгы менен Кыргызстан беш мамлекетке алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти маалымдады.
Маалыматка ылайык, январь-ноябрь айлары Кыргызстан 5 тонна 269,5 килограмм баалуу металл сыртка чыгарып,  201,1 килограмм алтынды Швейцарияга саткан.
Мурдагы жылга салыштырмалуу экспорт 11 тоннага азайган.
Акыркы жылдары Кыргызстандан алтын Улуу Британияга көп сатылган (2021-жылы ал дээрлик 4,1 тонна баалуу металл алган). Бирок июнда сатуу токтогон. Ал эми Түркия, Италия жана Россия мамлекеттери алтынды орто көлөмдө сатып алышкан.
Сентябрда сатып алуучулардын тизмесине Швейцария кошулуп,  октябрь-ноябрь айларында алтын ушул эле мамлекетке сатылган. Белгилей кетсек, 2017-жылга чейин Швейцария кыргыздын алтынын алган негизги мамлекет болуп эсептелген. Бирок, кийинчерээк ал жакка экспорт токтогон.
Сатылган алтындын көлөмү боюнча маалымат: 

Улуу Британия — 4 тонна 81 килограмм;

Швейцария — 1 тонна 99,7 килограмм;

Россия — 33 килограмм;

Түркия — 28,5 килограмм;

Италия — 27,2 килограмм.

2020-жылдын ушул маалында 16 тонна 278,3 килограмм алтын сатылган. Анын дээрлик 18 килограммын Түркия, калганын Улуу Британия алган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!