Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 21-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…6;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7 күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…2;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -26…-31, күндүз -7…-12;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 3…5 градус жылуу болот.