215 аскер онлайн добуш берип көрдү

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында аралыктан добуш берүү системасын тестирлөөдөн өткөрдү.

Сыноо 4-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө өттү. Ага офицерлер жана жоокерлерден турган 215 адам катышты.

Саат 10:00дөн 15:00гө чейин адистер шайлоо системасынын, байланыш каналдарынын жана жабдуулардын иштешин текшеришти. Ошондой эле шайлоочуларды онлайн аныктоо механизми сыналды.

Тестирлөөнүн максаты,  шайлоочуларга туруктуу катталган жерине барбастан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

Бул иш-чара 18-ноябрда өтө турган шайлоо системасын жалпы республикалык деңгээлде текшерүүгө даярдыктын бир бөлүгү болуп саналат.

Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 85
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X